КУЛ КОЖО АХМЕД ЯССАВИНИН ЫРЛАРЫНДАГЫ ДИДАКТИКАЛЫК ОЙ-ТОЛГООЛОР
Г. ЖумаеваБул макалада орто кылымдар (10-12-кк.) аралыгында жашап, “олуя акын” аталган Кул Кожо Ахмед Яссавинин өмүрү жана чыгармачылыгы каралат. Сөз алды менен Кул Кожо Ахмед Яссавинин туулган жана жашаган жерле- рин тактоо маселелерине көнүл бурган түрколог окумуштуулардын ой пикирлери берилет. Өзгөчө акындын балалык чагына байланыштуу элдик икая-аӊгемелердин бири мисалга тартылып, мезгилдер өтүп, мифологиялык мотивдер менен шөкөттөлүп, “олуя акын” аталып калышына негиз болгон шарт-жагдайларга көӊүл бурулду. Бизге келип жеткен жалгыз чыгармасы “Ырлар жыйнагынын” (“Дивани кихметтин”) мазмуну диний-мистикалык багытта болуп, исламдын негизине таянган суфийлердин философиялык жана дидактикалык ой-толгоолору адабий тал- доого алынат. Ушундан улам Кул Кожо Ахмед Яссавинин орто кылымдагы суфий агымын негиздеген суфий акын экендиги мисалдар менен тастыкталат
Колдонулган булактар
1.Кыргыз адабияты. Хрестоматия. Насыяттар жыйнагы. –Б., 1997.
2. Кыргыздар. –Б., 1999.
3. Кул Кожо Ахмет Яссави. –Б., 2015.
4. Алиева Ш., Алиева Г. Философиянын тарыхы. –Б., 2002.
5. Өмүралиев Ч. Кожо Ахмед Яссави. // Ала-Тоо, №10.
6. Стеблева И. Түрк тилиндеги байыркы адабият. // Ала-Тоо, №7.