ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН ”КУТ АЛЧУ БИЛИМ” ПОЭМАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ТААНУУГА БОЛГОН КӨЗ КАРАШТАР
М.А. Айтиева, Г.А. АйтиеваБул макала Ж. Баласагындын «Кут алчу билим» поэмасындагы философиялык көз караштарды, дүйнө түшүнүүсүн, дүйнө таанымын, башкача айтканда гносеологиясын изилдөөгө арналган. Ж. Баласагындын матери- ализми анын стихиялык-диалектикалык көз караштары менен тыгыз байланышкан. Ал жаратылыштын бардык кубулуштары өсүп турат жана ошол өзгөрүүгө ылайык дайыма кыймылда болот, эски нерсе өлүп, жаңыга өз ордун бошотуп берет, адамдын турмушу түбөлүктүү эмес, адам дагы төрөлүп, кайра картайып жана өлүүгө мажбур деп жазган. Ж. Баласагын материализм жана стихиялык диалектика тууралуу өзүнүн идеяларын бир гана жара- тылыш көрүнүштөрүнө эмес, коомдук турмушту изилдөөдө да колдонуп кеткен. Ж. Баласагын Күнтуудуну мыйзам- дуулуктун символу катары караган. Анын пикири боюнча адилеттүүлүк, адеп-ахлактуулук мамлекет башкаруучусу- на тиешелүү эң зарыл сапаттардын бири. Мамлекет башчысы мыйзамдын негизинде адилеттүү башкарса, сөзсүз түрдө адилеттүүлүк ишке ашат
Колдонулган булактар
1. Аль-Фараби. «О разуме и науке» / Аль-Фараби. - Алма-Ата, 1975-г.
2. Ж. Баласагын. «Куттуу билим». Т. Козубековдун котормосунда./ Ж. Баласагын. - Москва, НИК, 1993.
3. Исаков К. «Чыгыш Ренессансы жана Жусуп Бала- сагындык» / Исаков К. - Ош, 2001.
4. Нарынбаев А. И. «Из истории общественной мыс- ли древних и средневековых уйгуров». / Нарынбаев А. И. – Бишкек, 1994.
5. Кыргыз педагогикасы: Энциклопедиялык окуу кура- лы / Башкы ред. Ү. Асанов; ред. Кеңеш И. Бекбоев ж.б.- Б.: Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору, 2004.
6. Плеханов Г. В. Избранные философские произведе- ния. / Плеханов Г. В. – М., 1986.
7. Уледов А. К. Духовная жизнь общества. / Уледов А. К. – 1980.