Кабыл алынган убакыт 14.04.2022, Түзөтүлгөн 12.07.2022, Кабыл алынган 04.08.2022

Т. КАСЫМБЕКОВДУН “СЫНГАН КЫЛЫЧ” РОМАНЫНЫН ПОЭТИКАСЫ

А.И. Мусаев

Бул макалада белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятындагы алгачкы тарыхый романы “Сынган кылыч” чыгармасынын поэтикасы талдоого алынат. Ошону менен бирге романдын сюжеттик өзөгүн түзгөн Кокон хандыгындагы карама-каршылыктар жана төңкөрүштөр, кокондуктардын эзүүсүндө калган карапайым кыргыз элинин оор турмушу жана алардын эркиндикке жетүү кыялынын жазуучу тарабынан ынанымдуу жана көркөм сүрөт- төлүшүнө өзгөчө көңүл бурулат. Макалада көркөм деталь сыяктуу тексттин маанилүү компо- ненти, ошондой эле жазуучунун мүнөздүк деталдарды жарата билген чеберчилиги да изилдөөгө алынат. Кокон хандыгынын мезгилиндеги тарыхый окуялардын көркөм чагылдырылышы менен инсандын жана элдин тарыхтагы ордун көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми документалдык жана автордук чыгармачылыктын диалектикалык өз ара байланышы романдын реалдуулугун күчөтөт деген жыйынтык чыгарылат

поэтика, тарых, компонент, текст, Кокон хандыгы, көркөм деталь, кыр- гыз адабияты
4-7
Musaev, A.I. (2022). POETICS OF T. KASYMBEKOV'S NOVEL "THE BROKEN SWORD". Bulletin of the Bishkek State University, 20(3), 4-7. https://doi.org/10.35254/bhu/2022.61.4

Колдонулган булактар

1. Мусаев И. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын поэтикасы – [Электронный ресурс]. Режим доступа: https://akipress.kg (дата обращения: 15.10.2022).
2. Касымбеков Т. Сынган кылыч – аудио китеп [Электронный ресурс] . Режим доступа: https://sputnik. kg › syngan-ky... (дата обращения: 18.10.2022)
3. Сынган кылыч – Bizdin.kg [Электронный ресурс] Режим доступа: ttps://new.bizdin.kg › books › syngan- kylych (дата обращения: 21.10.2022)