Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

КЫРГЫЗ ЖАНА ТҮРК ФОЛЬКЛОРУНДАГЫ БАЛДАР ЫРЛАРЫ

Ж.К. Мусаева

Кыргыз жана түрк  элинин  жашоо-турмушунда,  тарыхый  басып  өткөн жолунда,  күндөлүк  турмушта  оозеки  көркөм  чыгармачылык  өзгөчө  мааниге  ээ болуп,  чоң роль ойногон.  Көчмөн  турмушта  жашап,  өздөрү  жараткан  оозеки  байлыгын  кайда  барса ошол  жакка  кошо  ала  жүрүүгө  ылайыкташтырып,  көркөм  чыгарма   түрүндө  жараткан. Алар  жараткан  көркөм  чыгармачылык  оозеки  айтылса  да,  бүгүнкү  күнгө  чейин  өз баалуулугун  жоготпой  сакталып  келүүдө. Ата  мурасы  болгон  фольклордук  чыгармалар  ар бир  элдин  рухий  баалуулугун  укумдан-тукумга  улап  толуктап  келет.  Балдарга арналган фольклордук чыгармалар дагы эки элдин күнүмдүк турмушунда кенен колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин жетип, өз актуалдуулугун жоготпой сакаталып келүүдө. Ошондой  эле  обондуу ырларды  аткаруу,  бешик  ырын  ырдоо  сыяктуу  өнөрлөр  ошол  элдин  жан  дүйнөсү ырга,  сөзгө  жакын  касиеттүү  эл  экенинен  кабардар  кылган. Макалада эки элдин оозеки чыгармачылыгында орун алган балдар ырлары жана алардын окшоштуктары тууралуу сөз болот

балдар фольклору, оозеки адабият, фольклористика, элдик ырлар, бешик ыры, балдар ырлары, ритм, рифма, маданият
354-361
Musaeva, Zh.K. (2023). CHILDREN’S SONGS FROM KYRGYZ AND TURKISH FOLKLORE. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 354-361. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.55

Колдонулган булактар

1. Abdurrahman Güzel, Ali Torun.Türk halk edebiyatı el kitabı. Ankara, 2003.
2. Балдар фольклору/Түз. Г.Орозова –Бишкек.: Шам,1998.
3. Güney Eflatun Cem. Folklor ve Hal Edebiyatı. İstanbul, 2000.
4. Кыргыз адабиятынын тарыхы: Фольклористика. 1-том. Б.: Шам, 2004.
5. Кыргыз адабияты терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү –Б.: 1994.
6. Pertev Naili Boratav. 100 soruda Türk Hakl Edebiyatı. İstanbul, 1995.