Ж. БӨКӨНБАЕВДИН ГРАЖДАНДЫК ЛИРИКАСЫ
Н. ЖороеваСогуш учурундагы жүрөк тереңинен кайнап чыккан жалындуу, патриоттук ырлар Ж.Бөкөмбаевдин чыгармачылыгына бөтөнчө бир көрк берип турат. Согуштун алгачкы эле түндөрүндө чын дилден жазылган акындын “Ата Журт үчүн майданга!” , “Антым” , “Кош , Ала-Тоо уулуң кетти майданга!”, “Жүрөгүм менин- Кызыл Туу” сыяктуу ырлары Ата Мекенди сүйүүгө жана коргоого үндөп, жеңишке шыктандырган улуу чакырык катары эл арасына чагылгандай тез тараган.Аларды кан майданга жөнөп жаткандар да, узатуучулар да ооздорунан түшурбөй ырдашкан. Ж. Бөкөмбаев элин, жерин жанындай сүйгөн патриот акын болгон. Айрыкча, Ата Мекендик согуштун жылдарында акындын чыныгы патриот экендигин мыкты көрсөтө алган. Акындын чыгармачылык жолун изилдеген адабиятчы Б. Керимжанова, А.Садыков, К. Артыкбаев, С. Искендерова ж.б. пикирлери да жогорку айтылгандарды тастыктап турат
Колдонулган булактар
1. Керимжанова Б. “Акындын чыгармачылык жолу” - Ф.; 1960 - ж. 17-б.
2. Артыкбаев К. “ XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” - Б.; 2004-ж. 197-199 б.
3. Бөкөнбаев Ж. “Тандалган чыгармаларынын” эки томдугу, “Кыргызстан” басмасы - Ф.; 1973-ж.
4. Садыков А. “Кыргыз романтикалык поэзиясы Жоомарт Бөкөнбаев” - Б.; 2007-ж.
5. Урмамбетов С. “Ж. Бөкөнбаевдин поэзиясынын өзгөчөлүгү” Ф.; 1960-ж. 9-10 б.