Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРЫ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ

Д. Асакеева, Айгерим Бактыбек кызы

Макалада кыргыз совет адабиятынын ХХ кылымдагы өнүгүшүнө социалдык заказ түшүнүгү кандай таасир бергендиги, бул түшүнүк кайдан, эмнеден келип чыккандыгы, кыргыз акын-жазуучуларынын заказ боюнча коюлган талап- милдеттерди кандай аткарышкандары тууралуу изилдөө жүрөт. Социалдык заказдын совет адабиятында пайда болуш шарты, кимдер тарабынан өркүндөп-өскөнүнөн тартып, калыптануу процесси тууралуу да айтылат. Кыргыз жеринде социалисттик коомдун түзүлүшүнүн натыйжасында жаңы коом жана жаңы цивилизациянын орун алышы, эски менен жаңынын диалогу жана кагылышуусу, жаңы доордун карама-каршылыгы, Совет бийлигинин маданий трансформацияны башташы анализденет. Кыргыз акын- жазуучуларынын “социалдык заказды” кандай аткарышкандыктарын, бул багытта эмгектенгендерин К. Баялиновдун “Боордоштор” романынын мисалында салыштырма- тарыхый иликтөө аркылуу ачылып көрсөтүлөт. Улуттук адабияттын өсүү процесси, жаӊыланышы, жаӊы замандын келиши менен профессионал адабияттын жаралышы, адабияттын саясатташа башташы, саясий абалдын, идеологиянын чыгармачылыкка тийгизген таасири ж.б. таасиринин алдыда өзгөрүүгө учурагандыгы ж.б. маселелерге анализ жүргүзүлөт

идея, интернационализм, жаңы доор, саясат жана адабият, концепция, тематика, проблематика, социалдык заказ, чыгармачылык
68-75
Asakeeva, D., & Baktybek kyzy, A. (2023). KYRGYZ WRITERS AND SOCIAL ORDER. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 68-75. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.12

Колдонулган булактар

1. Асакеева Д.Ж. Советтик идеология жана ХХ кылымдагы улуттук адабий-көркөм процесс. – Б., 2015. 
2. Баялинов К. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 2-т. – Ф.: Кыргызстан, 1970. 
3.  Брик О. Так называемый «формальный метод». «Леф», 1923. №1. 
4. Гурьева Т.Н. Новый литературный словарь. – Ростов н/Д, Феникс, 2009,  - 364 с. 
5. Маяковский В.В., Брик О. Наша словесная работа, «Леф», 1923. №1. 
6.  Садыков А. Эл достугун баяндаган роман // Советтик Кыргызстан, 1963. 14-декабрь.
7. Бердяев Н.А. Литературное направление и социальный заказ // Путь. – 1931. – № 29. 
8. Ульмасова З. Исторической роман как отражение реальности жизни. Вестник БГУ,  № 2 (32) –Б., 2015, 127-132-бб.