Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

МЕҢДИ МАМАЗАИРОВАНЫН СҮЙҮҮ ЛИРИКАСЫНДА ТРАГЕДИЯЛУУЛУКТУН КӨРКӨМ ЧАГЫЛЫШЫ

Б. Темирова, Ж. Осмонова

Макалада  акын Меңди Мамазаированын сүйүү лирикасынын тематикалык- идеялык, көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү, психологизм менен  трагедиялуулук жана турмушту поэтикалык чагылдыруудагы өз алдынчалыгы,  образды жаратуудагы көркөм сөз каражаттары, чеберчилик маселелери,  адабий табылгалары тууралуу сөз болот. Акындын “Мен да сага буйрубапмын түбөлүк”, “Ызгаардуу сүйүү”, “Жолонго”, “Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик...”, “Мен бармын да...” аттуу арзуу ырлары  өзүнүн жеке турмушунан алынып өзүнчө бир адам  тагдырынын бактылуу да, кайгылуу да махабат  санжырасына айланып,   көркөм жалпылоолорго көтөрүлүп, жараланган жүрөктү жарып чыккандыгы, терең мазмунга,  психологизм менен трагедиялуулукка ширелип тургандыгы белгиленди.  Автордун сүйүү ырларындагы күчтүү образдык туюнтмалар, орундуу салыштыруулар, метафоралык ыкмалар, шарттуулук өзгөчө көркөмдүк түс берип, жуурулушуп, философиялык тереңдик орун алгандыгы жана жаңы  адабий табылгалары менен кыргыз поэзиясына салым кошту  - деген жыйынтыктуу ой пикирлер менен  коштолот

Меңди Мамазаирова, акындын концепциясы, поэзия, сүйүү лирикасы, поэтика, трагедия, психологизм, чеберчилик
512-517
Temirova, B., & Osmonova, Yu. (2023). ARTISTIC REFLECTION OF THE TRAGEDY IN THE LOVE LYRICS OF MENDY MAMAZAIROVA. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 512-517. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.79

Колдонулган булактар

1. Сыдыкова К. Күтүлбөгөн бурулуш берген күч.[Текст]:/ К.Сыдыкова. // М. Мамазаирова. Тандалмалар:Ырлар жана поэмалар.-Б., Турар, 2013.-484б.
2. Белинский В.Г. Собрание сочинений.Том 2. М., Наука, 1948.-341 б.
3. Асаналиев К., Р.Кыдырбаева. Кыргыз адабият илиминин терминдер сөздүгү.-Б., 2004.- 557б.
4. Жигитов С. Акындын эки өмүрү: (А.Осмоновдун таржымалы жана чыгармачылыгы) -Б., Кыргызстан, 1998.-180 б.
5. Айтматов Ч. Т. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат.-Ф., Кыргызстан, 1988.-400 б.
6. Мамазаирова М. Тандалмалар:Ырлар жана поэмалар.-Б., Турар, 2013.-484 б.