Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН «КУТАДГУ БИЛИГ» ДАСТАНЫ ПРОФЕССОР К. АРТЫКБАЕВДИН ИЗИЛДӨӨСҮНДӨ

С. Исаева

Кыргыз эл жазуучусу, адабиятчы жана сынчы, акын жана котормочу К. Артыкбаев адабиятыбызга, маданиятыбызга байланыштуу баа жеткис мурас калтырып кетти. Алмурас көп багыттуу болсо да, андаокумуштуунунчыгармачылыгындаганаэмес, бүтүндөй кыргыз адабияты үчүн өзөктүү мааниге ээ болгон проблемалар бар. Алардын ирдүүсү – Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу «Кутадгу билиг» дастаны. К. Артыкбаев – кыргыз адабиятынын байыртадан берки  тарыхын туташ жана ырааттуу, ар тараптуу жана терең изилдеген илимпоз. Ал Кыргызстанда   биринчи болуп Орхон-Енисей  жазууларындагы адабий мурастарды жана ХI кылымда кыргыз жергесинен чыккан Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкари (Барсгани) өңдүү даанышмандардын чыгармачылык мурастарын жалпы түрк элдери менен бирге кыргыз элине да таандык дөөлөттөрэкенин далилдөөгө аракеттенген. Ал бул маселелерди Совет мезгилиндеги катуу цензурага, идеологиялык кысымга карабай күн тартибине алып чыккан.  Анын бекем пикиринде адабиятыбыздын тарыхын  Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкариден баштообуз керек. Ал мындай позициясын илимий жактан далилдеп, ал үчүн чейрек кылым күрөш жүргүзүп, көп талаш-тартыш, бут тосууларды жеңип, акыры адабиятыбыздын байыртан берки тарыхын түзүүгө жетишкен. Макаланын негизиги проблематикасын профессор Качкынбай Артыкбаевдин мына ушул багыттагы изилдөөлөрү түзөт

адабият, байыркы, дастан, түрк, адабиймурас, тарых, эмгек
213-218
Isaeva, S. (2023). JUSUP BALASAGYNS SAGA «KUTADGU BILIG» IS RESEARCHED BY PROFESSOR K. ARTYKBAEV. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 213-218. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.35

Колдонулган булактар

1. Артыкбаев К. Адабияттын алгачкы башатына коз чаптырсак: (Адабий мурастар жөнүндө ой) // Кыргызстан маданияты, №1, 1-январь. 
2. Орто кылымдагы адабий эстеликтерибиз жөнүндө (“Кутадгу билиг”, “Диванилүгатат-түрк” эмгектеринин табылышы, изилдениши, таралышы жана талаш туудурушу жагдайында) // Кыргызстан  маданияты, 1990, №38, 20-сентябрь.
3. Кононов А. Н. Махмуд Кашкарский и его “Дивани лугат ат-турк”. // Советская тюркология, 1972, №1.
4. Радлов В. В. “Кутадгу билигке” акыркы сөз. / Китепте: Артыкбаев К. Жусуп Баласагын тууралу баян. – Б., 2004. – 342 б. 
5. Артыкбаев К. Дил сыры. – Б., 2004. – 680 б.
6. Ногойбаева Г.А. “Жусуп Баласагындын Кут алчу билим” дастаны билимдин булагы //БГУ жарчысы.– №1 (35) 2016. –117 б.