АКЫНДАР ПОЭЗИЯСЫНДА АРМАН ЫРЛАРЫНЫН ОРУН АЛЫШЫ
Б. ЧыйбыловаБул макалада кыргыз акындар чыгармачылыгында арман мотивиндеги ырлардын берилиш өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болот. Арман ырларынын адабиятчылардын эмгектеринде социалдык жана адамдын керт башына байланыштуу айтылган армандар деп бөлүштүрүлүшү жана алардын айырмачылыктары тууралуу мүнөздөмөлөр конкреттештирилген. Акындардын чыгармасында арман ырларын аткарууда салтка таянышы, аны менен бирге чыгармачылыктын жаңы горизонтторуна багыт алышы көрсөтүлгөн жана мисал иретинде Токтогул менен Жеңижоктун, Калык менен Осмонкулдун жекече тагдырына байланыштуу жаралган ырлар талдоого алынган. Алардын чыгармаларында арман мотивинин жекече тагдырына байланыштуу күчтүү,терең берилгендиги аныкталган. Токтогулдун арман жанрындагы ырларынын “Карылык” деп аталган ырына талдоо жүргүзүлгөн. Токтогулдун чыгармачылыгындагы карылык тууралуу философиялык ойлору Осмонкулдун “Карылык” деген ыры менен салыштырылган. Какен Алмазбековдун арман мотивинде жазылган ырларынан “Эненин дастаны”деген ыры кеңири талданып, элдик ырлар менен байланышы иликтенген
Колдонулган булактар
1. Кыргыз адабияты [Текст]: энцикл. окуу куралы. – Бишкек: Мамл. тил ж-а энцикл. борбору, 2004 –ж. 444 б.
2. Токтогул. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. II том.-Ф.:Кыргызстан, 1968-ж. 19-б/
3. Токтогул. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. II том.-Ф.: Кыргызстан, 1968- ж. 197- б.
4. Осмонкул. Тандалган чыгармалар.-Ф.:Кыргызстан, 1974-ж. 348-б.
5. Томашевский Б.В. Стилистика и стихосложение.-Л., 1959- ж. С.502.
6. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2-том. Ф., 1990.