ЗАЛКАР МАНАСЧЫЛАРДЫН ВАРИАНТТАРЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ТЕМАТИКАЛЫК ӨЗӨК ОКУЯЛАР
Ч. АжиеваАталган макаланын мазмунунда кыргыз элинин чени жок кайрат күчкө эгедер баатыры жана кыргыз урууларынын башын бириктирүү менен сырттан басып кирген ар кандай күчтүү жоолордон коргоп, ата журттун эркиндиги, кыргыз элинин элдигин сактаган, анын саясий биримдиги үчүн өз жанын аябай күрөшкөн даанышман кол башчысы, ханы Манас баатырдын эрдиктери 70тен ашык манасчынын (ар кимиси ар кайсы географиялык аймакта жашагандыгына карабастан) вариантарында даңкталат. Ал жигердүү, даанышман жетекчи катары чабылып, чачылган элдин башын бириктирип, күч кубатын бир жерге топтоо аркылуу саясий биримдикти арттыргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Тышкы жоого алдырбас бекем мамлекет түзөт. Негизги эпостогу бул окуялардын бардыгы, варианттардын дээрлик бардыгында бирдей тематикалык – идеялык мазмундун ички өзөк окуяларын түзүшү эпостун ары касиеттүү, ары сырдуу кереметин көрсөтө тургандыгы баяндалат
Колдонулган булактар
1. Манас 1.2.3.4 китеп. С. Орозбаковдун варианты. –Б.:Хан Теңир басмаканасы. –2010.18-126-беттер.
2. Манас I китеп. C. Каралаевдин варианты. – Б.: Турар басмаканасы. – 2010.18-324-беттер.
3. Манас Киргизский героический эпос. -М. книга I, 1984; книга II, 1988; книга III, 1990; книга IV, 1996.
4. «Манас» киргизский эпос. Великий поход. - М. 1946
5. Липкин С. “Манас великодушный”. Повесть написан на основе сюжете эпоса «Манас» - М.1947, 1948, 1958.
6. «Манас» энциклопедия 1.2-том. -Ф.1995.