Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

Т. СЫДЫКБЕКОВДУН “АТА МУРАСЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ” ОЧЕРКИНИН КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕСИ

Г.С. Козубекова

Т. Сыдыкбековдун бул очеркинде байыркы бабалардан калган ата мурасы, эне тил, көөнө сөздөр, аларды изилдөөнүн, сактоонун жана өзгөчөлүктөрү талдоого алынат. Жазуучу байыркы бабалардан мурас калган оозеки жана жазуу мурастарынын маанисин чечмелөөгө аракет кылып, байыркы кыргыздарга түздөн-түз тиешелүү болгон “Чааташ” эстеликтери биздин доорге чейинки“Тагар”,“Таштык” маданияттары менен байланыштуу экендигин эске салат. Аталган тарыхый доорлого тиешелүү болгон ата мурастарынун ушул күнгө чейин келип жеткен үлгүлөрүнө Кыргызстандын аймагындагы мунаралар, мечиттер, күмбөздөр жана архитектуралык курулуштардын калдыктары далил боло алат. Айталы, ушул күнгө чейин сакталып калган Бурана мунарасы, Шах Фазиль мавзолейи, Таш-Рабат кербен сарайы жана башка шаар калдыктарын айтууга болот. Албетте, Т. Сыдыкбеков калемгер катары байыркы ата мурастарынын ичинен кыргызга таандык сөздөрдү, сөз айкаштарын, макал-лакаптарды казып, алардын маани-маңызын туюндурууда көп эмгек жасаган. Бул очеркинде да М. Кашкаринин сөздүгүндөгү кыргыздарга таандык делген сөздөргө кайрылып, алардын башка тектеш түрк элдериндеги үлгүлөрү менен салыштырууга аракет жасайт

Ата мурасы, эне тил, оозеки мурастар, жазуу эстеликтери, проблемалуу очерк, байыркы кыргыздар
280-285
Kozubekova, G.S. (2023). THE PROBLEM RAISED IN THE ESSAY BY T. SYDYKBEKOVA “SPEECH ABOUT FATHER’S LEGACY”. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 280-285. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.45

Колдонулган булактар

1. Историко-этимологический словарь современного русского языка / под ред. П.Я. Черных. 3-е изд., М., 1999. Т.  С. 114 – б.
2. Кыргыз поэзиясынын антологиясы, “Кыргызстан-Сорос”фонду, 1999-жыл, 7-б.
3. Т. Сыдыкбеков Ата мурасы жөнүндө сөз. Китепте: Сыдыкбеков Т. Мезгил кайрыктары. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1982., 64-69-б.
4. Мажамулбулдан, 5-том, 411-б.