Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

АРМАН ЫРЛАРЫ

К. Ибраимов

Элдик оозеки поэзияда эбактан эле өз ордун таап, калыптанып, өнүгүп келген жанрлардын бири – арман ырлары. Анда жеке адамдын башына түшкөн ички муң-зары, азапка салган арманы баяндалат. Тематикалык мазмунуна карай негизинен үч топко бөлүнөт: биринчиси, коомдук-социалдык теңсиздиктен улам жаралган болсо, экинчиси, жеке адамдын өмүрүнө,  жашоо-тагдырына байланыштуу. Үчүнчү топтогу арман ырлары кандайдыр бир кайгылуу тарыхый окуялардан, турмуштук кырдаалдардан улам пайда болот. Ошондуктан макалада социалдык тенсиздиктен жаралган жокчулуктан арманы, кор болгон кыздардын арманы, жеке адамдын өмүр-тагдырына байланышкан карылык арманы, кесел, майып, сокур адамдардын арманы, баласыздык арманы, жалгыздык арманы, жетимдик арманы сыяктуу армандар жана да трагедиялуу турмуштук кырдаал, тарыхый окуялардан улам пайда болгон ар түркүн арман ырлары иликтөөгө алынат

фольклор, жанр, арман, жокчулук, кыздардын арманы, карылык, майып, сокур, баласыздык, жалгыздык, жетимдик, трагедия, тарых, изилдөө
201-207
Ibraimov, K. (2023). SONGS OF DISAPPOINTMENT AND SADNESS. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 201-207. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.33

Колдонулган булактар

1. Арман ырлары жана “Ак Мөөр”. “Эл адабияты” сериясы. 22-том. / Баш сөздөрүн жазгандар: Ж.Байтерекова, Б.Кебекова.  /Түз. /: А.Акматалиев, Ж.Байтерекова, Н.Ыйсаева. – Б.:  Шам, 2003. 500 б. 
2. Мукасов М. Дин жана арман ырлары. –Б.: 2001. –140 б. 
3. Закиров С.,Токомбаева А. Кыргыздын  элдик  лирикаларынын  жанрдык өзгөчөлүктөрү. – Ф.:  Илим, 1964.  –97 б. 
4. Закиров С. Армандардын пайда болушу / Закиров С. Эл чыгармачылыгы – эл кенчи. –Ф.: Кыргызстан, 1981. 36-51-б.
5. Танаев Т. Кыргыз фольклорундагы лирикалык жанрлар:1-китеп.– Ош, 1998. –162 б.
6. Байтерекова Ж.С. Кыргыз арман ырларынын көркөмдүк кубулушу. / Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты.  –Б.,  2002. –26 б. 
7. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки.  –Ф.: Илим, 1973.–705 б.
8. Мамыров М. Арман ырлары. -  Кут билим ,  –2010, 9-июль, 12-б. 
9. Богданова М.И., Жакишев Ө., Саманчин Т., Рахматуллин К.А.  Кыргыз адабиятынын очерктери.  – Ф.:  Кыргызмамбас, 1943. - 279 б. 
10.  Бектенов З., Байжиев Т. Кыргыз адабияты. Фольклор. Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби.  – Ф.:  Кыргызмамбас, 1949. 
11.  Абдыразаков А. Төкмөлүк жана көркөм чыгармачылык.  –Б.: КМУУ, 2002. 
12. Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары. / Түзгөн: Т. Абдыракунов.  –Ф.: Илим , 1973. -350 б. 
13. Санат, насыят жана эмгек ырлары. “Эл адабияты” сериясы.  24-т./Түз.: Р.З. Кыдырбаева, Н.О.Нарынбаева, С.Егимбаева.  –Б.,.:  Шам, 2003. - 364 б.
14. Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. “Эл адабияты” сериясы. 19-том. / Түз. жана баш сөзүн жазгандар: С. Эгембердиева, А.Акматалиев. – Б.: Шам, 2002. 544 б. 
15.  Кожобекова Н. Элдик оозеки чыгармадагы  тарбиянын таасири.  БМУ Жарчысы, № 3.  –Б., 2018. – 258-б.