Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

ЖООМАРТ БӨКӨМБАЕВДИН АКЫНДЫК ЧЕБЕРЧИЛИГИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ

Н. Жороева

Ар бир эле чыгармачыл инсандын, акын болобу, жазуучу болобу, өзүнө тиешелүү стили, өзгөчөлүгү, чеберчилиги болгон сыяктуу эле, кыргыз жазма профессионал адабиятынын негиз салычууларынын бири –Жоомарт Бөкөмбаевдин да акындык чеберчилиги, өзгөчөлүгү, стили бар. Акындын чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү, өсүш эволюциясы сыпатталып, чыгармачылык калыптанышына орус поэзиясынын, классик акындардын таасири арбын тийгенине көбүрөөк басым жасалат, асыресе фольклор менен катар жазма адабияттын салттары алгачкы ырларынан дароо байкалары белгиленет. Аталган макалада акындын акындык чеберчилигинин деңгээли, башка акындардан өзгөчөлүгү, айырмачылыгы бир топ адабиятчы, окумуштуу, изилдөөчүлөр: Б. Керимжанова, А. Садыков, К. Кулиев, С. Фиксин, К. Кудайбергенов, С. Урманбетовдордун акын жөнүндөгү айткан ой-пикирлери, берген баасынын негизинде Ж. Бөкөмбаевдин акындык чеберчилигинин калыптанышы иликтенип анализге алынат

стиль, поэтика,поэзия, ыр, поэма, элдик поэзия, элдик оозеки чыгармачылык, манера, төкмө акын, профессионал адабият, текст, уйкаштык, мотив, реалисттик поэзия, ассонанс, аллитерация, форма, мазмун
182-187
Zhoroeva, N. (2023). THE FORMATION OF THE POETIC SKILL OF JOOMART BOKONBAYEV. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 182-187. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.30

Колдонулган булактар

1. Артыкбаев К. “ XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” - Б.;  2004-ж. 197-199 б.
2. Бөкөнбаев Ж.  “Тандалган чыгармаларынын” эки томдугу, “Кыргызстан” басмасы - Ф.; 1973-ж. 
3. Керимжанова Б. “Акындын чыгармачылык жолу” - Ф.; 1960-ж. 17-б. 
4. Садыков А. “Кыргыз романтикалык поэзиясы Жоомарт Бөкөнбаев” - Б.; 2007-ж. 
5. Урмамбетов С. “Ж.Бөкөнбаевдин поэзиясынын өзгөчөлүгү”  Ф.; 1960-ж. 9-10 б.