МУРЗА ГАПАРОВДУН «КЫШТАКЧА» ПОВЕСТИНИН КЕЙИПКЕРЛЕРИНИН БААЛУУЛУКТУК БАГЫТ АЛУУЛАРЫ
А. Мокеева, М. Жаӊыбаева, А. ЖантаевМакалада авторлор Мурза Гапаровдун “Кыштакча” повестиндеги каармандардын баалуулуктук багыт алууларын адабий өңүттөн талдап чыгышкан. Бул повесть 1973-жылы жазылган, анда башкы кейипкер Акундун – жаш мугалимдин адеп-ахлактык тандоо кырдаалындагы эмоциялары, ички толгонуулары, жосундары көркөм баяндалган. Ал чоң турмушта өз ордун таап, инсан катары өнүгүүгө аракет кылганда, чөйрө ага кандай таасир эткенин автор кылдат ачып берген. Акундун көркөм элесин түзүп, ал жасаган адеп-ахлактык тандоону көрсөтүп, автор бул кейипкерге өзүнүн баалуулуктук багыт алуусун сиңирип жатканы талашсыз. Акунду иренжиткен нерсе – башкалардын жашоого болгон керектөөчүлүк, пайда көздөөчүлүк мамилеси. Ал мындан баш тартып, өзүнүн баалуулуктук багыт алуусун аныктап, өз баалуулуктары бар инсан катары калыптануу сапарына түшөт
Колдонулган булактар
1. Акматов К. Изучение образа учителя из повести Мурзы Капарова «Деревенька» / К. Акматов // Сборник XXV Всероссийской электронной семинар-конференция «Педагогические основы международных коммуникаций», 3-14 декабря 2018 года. С. 30-39.
2. Акматов К. Отражение образа учителя и проблем образования в кыргызской литературе (по автобиографическим материалам в произведениях Джуная Мавлянова “Ясное небо” (“Ачык асман”), Мурзы Гапарова “Деревенька” (“Кыштакча”) / К. Акматов // Синергия, №1-2, 2019. С. 168-179
3. Асаналиев К. С аильнего пятачка / К. Асаналиев // Литературное обозрение, №11, 1976.
4. Гапаров М. Экөө ээн бакта: Повесттер, аӊгемелер жана драмалар / М. Гапаров. – Б.: Турар, 2009. – 552 б.
5. Жусупов К. Ал бизди сулуулукка чакырат / К. Жусупов // Ленинчил жаш, 1986-жылдын 23-марты.
6. Кадырманбетова А. Мурза Гапаров / А. Кадырманбетова // Китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. ХХ кылымдын адабияты (60-жылдардан кийин). 7-том. – Б.: Т. Суванбердиев атындагы Кыргызполиграфкомбинат, 2002. – 519-546-б.
7. Карымшаков С. Көркөм образдын табияты: Адабий сын макалалар / С. Карымшаков. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 108 б.
8. Кыргыз Республикасынын жазуучулары: Маалымдама. 1-том. – Б.: Дэми, 2008. – 736 б.
9. Лайлиева И. Интернациональный характер и психологизм современной киргизской прозы / И. Лайлиева. – Ф.: Илим, 1983. – 144 с.
10. Литературная энциклопедия терминов и понятий / Под ред. А. Н. Николюкина. – М.: НПК «Интелвак», 2001. – 1600 с.
11. Садыков А. Кыргыз залкарлары. 10-том / А. Садыков. - Б.: Бийиктик, 2013. – 432 б.
12. Ульянов П. Разрушение стереотипа / П. Ульянов // Литературная газета, 1979, 24 ноября.
13. Хализев В. Е. Теория литературы: учебник / В. Е. Хализев. – М.: Высшая школа, 2009. – 405 с.
14. Эдилова К. М. Гапаровдун повесттериндеги көркөм ачылыштар / К. Эдилова // Вестник Бищкекского гуманитарного университета. №4 (13). 2008. С. 123-126.
15. Эдилова К. Мурза Гапаровдун чыгармачылыгынын көркөм эволюциясы / К. Эдилова // Alatoo academic studies. №4. 2016. – С. 29-35.
16. Эркебаев А. Элдик эпостон адабий эпоско…: Адабий изилдөөлөр жана сын макалалар / А. Эркебаев. – Ф.: Адабият, 1990. – 248 б.