КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ҮЧ ТИЛДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Г. СагынбаеваМакалада Кыргыз Республикасындагы үч тилдүүлүктү өнүктүрүү маселелери, алардын турмушта алган орду тууралуу сөз болот. Анда кыргыз тили болгон мамлекеттик тилге мамлекеттик камкордук керек экендигине өзгөчө басым жасалат. Учурда баардык мамлекеттик жана жеке ишканаларда, фирмаларда, кайсы кызмат, кайсы тармак болбосун анын иш кагаздарын жүргүзүүдө, баарлашууда аталган тилдерди жакшы билүү турмуштун талабы экендиги талашсыз. Тилдерди жакшы, терең өздөштүрүү бала бакчадан эле башталары, тилди үйрөнүүдө эң биринчи баланын, өзүнүн кызыгуусу, иш-аракети, жөндөмү, өз алдынча көп иштөөсү талап кылынары жөнүндө макалада кең- кесири айтылат. Ошондой эле, бул макалада тилди жакшы, терең билген бала баардык предметтерди жакшы, жеңил өздөштүрүүсүнө түрткү берери шексиз экендиги кеңири чагылдырылган
Колдонулган булактар
1. Сыдыкбаева М.М., Сагынбаева Г.И., Жолдошбекова А., Кыргыз тили, Бишкек, 2014, 3б.
2. Сагынбаева Г.И., Кептин түрлөрү боюнча аткарылуучу жазуу жумуштарын калыптандыруу, Эл агартуу, 5-6, 2010, 8б
3. Көркөм жана илимий стилдер, tyup.net
4. Мамлекеттик тил, ky.m.wikipedia.org