ПРОФЕССОР К. АРТЫКБАЕВДИН КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫН ОУКТУУ МЕТОДИКАСЫНА АРНАЛГАН ЭМГЕКТЕРИНЕ КАРАТА АЙТЫЛГАН ПИКИРЛЕР
Н. КелдибаеваПрофессор К. Артыкбаевдин окуу китеби чыккандан кийин коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынган. Ошолордун ичинен, профессордун окуу китебине оң баасын берип, ийгиликтерин белгилеген макалаларга: К. Асаналиев менен С. Закировдун “Биринчи окуу китеби”, О. Ибраимовдун“ Көп кырдуу изденүү” ж.б.у.с адабиятчылар өз макалаларында, “окуу китебинин” ийгиликтери тууралуу сөз кылышкан. Ал эми А. Эркебаев менен С.Жигитов сыяктуу сынчылар К.Артыкбаевдин эмгегин жокко чыгарган мазмундагы ма- калаларды жазышкан. Алардын ичинен А.Эркебаевдин “ Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” окуу китеби тууралуу макаласы башка макалалардан кескин айырмаланып, К.Ар- тыкбаевдин ийгилиги катары кыргыз совет адабиятынын жаралышы, азыркы мезгилге чейинки өнүгүш эволюциясы жана 1918-1924-жылдардагы акынжазуучуларыбыздын ысымдарынын биринчи жолу аталышы “тарыхтын” башкы артыкчылыгы деп белгилесе, кемчиликтери катары: 1.Киришүү талапка ылайык жазылбай калган, кайтолоолор көп. 2. Адабиятчынын мезгилдештирүү принциби туура бөлүштүрүлгөн эмес. 3. 60-70-жылдарда жазылган поэмалардын ичинен С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякат”, С.Жусуевдин “Тирүүлөргө”, М. Абылкасымованы “Эстелик сүйлөйт” чыгармалары унутта калгандыгын, ошондой эле окуу китебинде жазуучулардын чыгармаларынын көркөм эстетикалык табиятына терең анализ берилбей калгандыгы белгиленип баса көрсөтүлгөндүгү макаланын мазмунун түзгөн
Колдонулган булактар
1. Артыкбаев К. “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” Ф.:-1982.
2. Артыкбаев К. “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” Бишкек-2004.
3. Алымов Б. “Кыргыз совет адабиятынын окутуу методикасы” Фрунзе Мектеп -1984.
4. Ахматалиев А.-2015 “ Кыргыз адабиятынын тарыхы” “Кыргызстан” улуттук энцик- лопедиясы:4-том. Башкы редактору Асанов.Ү.А.
5. Качкынбай Артыкбаев жөнүндөгү ойлор, пикирлер Бишкек- 1994.