Кабыл алынган убакыт 21.07.2023, Түзөтүлгөн 16.10.2023, Кабыл алынган 08.11.2023

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНАН АЛГАН ОРДУ

С. Искендерова, З. Дарманова

Бул макалада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун адабият майданына келиши, алгачкы чыгар- мачылыгы, чыгармачылыгынын көп түрдүүлүгү, жазуучунун көркөм табылгаларындагы индивидуалдык бөтөнчөлүктөр  тууралуу сөз болот. Анын көрүнүктүү чыгармаларынан “Тоо арасында“ романында коллективдештирүү мезгилинин жүрүшү, элдин аң-сезиминин өзгөрүшү, ”Биздин замандын кишилери” романында согуш учурунда элдин эмгеги, патриотизминин чагылдырылышы, ”Көк асаба” романында байыркы кыргыздардын хандык күтүшү, ал доордун тарыхый жүзү, камтыган идеялары, маани-мазмуну аркылуу кыргыз прозасына кошкон салымы иликтенген. Жазуучунун изденүүчүлүк жөндөмү, роман жанрындагы ийгиликтери, сүрөткердин чыгармаларында мезгил духунун берилиши, тематикалык-идеялык өзгөчөлүктөрү, көркөмдүк деңгээли, образдары тууралуу иликтөөлөр орун алган

сүрөткер, роман, поэма, образ, жазуучу, проза, поэзия, жанр, тарыхый процесс, идея, поэтика, поэзия, милитаризм, каарман, эстетика, мүнөз
91-95
Iskenderova, S., & Darmanova, Z. (2023). TUGOLBAI SYDYKBEKOV'S PLACE IN KYRGYZ LITERATURE. Bulletin of the Bishkek State University, 21(4), 91-95. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.66.27

Колдонулган булактар

1. Артыкбаев К.   ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы,  – Б., 2004.
2. Артыкбаев К.  Кыргыз совет адабиятынын тарыхы, –  Ф., 1982.
3. Алымов Б. Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы,  - Ф1984.
4. Иманалиев К.  Кыргыз совет адабияты,  – Ф., 1988.
5.  Ногойбаева  Г.А. Түгөлбай Сыдыкбековдун   “Көк Асаба” романынын тарыхый-эс- тетикалык баалуулугу. – БМУ жарчысы. №3 (45) – Б., 2018.