АЗЫРКЫ ЭТАПТА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИМПОРТТУН КЫСКАРЫШЫНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЭКСПОРТТУН ӨСҮШҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНУН ТААСИРИ
Г.Р. Азимова, С.М. ТурганбаеваБул макалада инновациялык технологияларды колдонуу менен экспорттук - импорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле дүйнөлүк рынокто алардын катышуусун кеңейтүүгө жардам берери баса белгиленген. Макалада акыркы беш жылда өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү туруктуу сакталып, товарлардын импорту экспорттун көлөмүнөн кыйла ашып кеткени, бул мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн экендиги белгиленген. Бул көйгөйдү чечүүдө экономиканын тармактарын диверсификациялоо, өндүрүш процесстерине инновациялык технологияларды киргизүү жана продукцияны өндүрүү аркылуу дүйнөлүк рынокто экспорттук ишмердүүлүктү жигердүү кеңейтүү сунушталууда. Улуттук өндүрүштү жандандырууда продукциянын сапатын жогорулатуу менен анын рентабелдүүлүгүнө маани берүүнүн маанилүүлүгү белгиленген. Өлкөнүн экспорттук потенциалын ачуу жана экономикалык натыйжалуулукка жетишүү үчүн инновацияларды колдонууга басым жасалат
Колдонулган булактар
1. Азимова, Г.Р. Кыргызстанда заманбап эмгек рыногунун өнүгүү тенденциялары жана жумуш орундарын түзүү / Г.Р. Азимова // М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин кабарлары. – 2018. – № 1(43). – 16-19-б. – EDN PYHRPQ.
2. Гапурбаева, Ш.Р. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү экс- порттун товардык структурасы / Ш.Р.Гапурбаева, А.Б.Сманова // М.Рыскулбеков атында- гы Кыргыз экономика университетинин кабарлары. – 2022. – № 1(54). – 17-19-б. – ЭДН АЮУВ.
3. Гапурбаева, Ш.Р. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлү- гүнүн абалы / Ш.Р.Гапурбаева // Кыргызстан эл аралык университетинин жарчысы. –
2018. – № 2(35). – 53-59-бб. – EDN LEIHMG.
4. Югай, Н.А. Кадрларды даярдоо азыркы шарттарда экономиканын инновациялык өнүгүүсүнүн фактору катары / Н.А.Югай, Ш.Р.Гапурбаева // Кыргызстан Эл аралык универ- ситетинин жарчысы. – 2022. – № 2(46). – 130-134-б. – DOI 10.53473/16946324_2022_2_130. – EDN LQUHZP.
5. Сманова А.Б. Кыргыз Республикасынын Кытай менен тышкы соода жүгүртүүсүн- дөгү экспорттун жана импорттун динамикасы жана түзүмү // БГУ им. К.Карасаева - 2021 No 4-(58). 86-89-бб.