Кабыл алынган убакыт 29.07.2024, Түзөтүлгөн 25.10.2024, Кабыл алынган 22.11.2024

АНТРОПОГЕНДИК ФАКТОРЛОРДУН ЖЕР РЕЛЬЕФИНЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Анвар Асанбек уулу

Макалада антропогендик факторлордун жер рельефине тийгизген таасири ачып берилет. Адам ишмердүүлүгүнүн аркасында жердин табигый түзүлүшү өзгөрүүгө учурап, экологиялык жана социалдык кесепеттерге алып келет. Айыл чарба, өнөр жай, курулуш жана токойлорду кыркуу сыяктуу иштер топурактын эрозиясына, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына жана суу ресурстарынын бузулушуна себеп болууда. Кыргызстандагы мисалдарга таянып, рельефтин өзгөрүүсүнүн таасирлерин түшүндүрүп, келечекте жаратылышты коргоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар берилет. Антропогендик факторлордун жаратылышка болгон терс таасирин азайтуу маанилүү. Адам тарабынан жаратылыш комплекстеринин туруктуу өзгөрүүсүнүн шартында рельефтин антропогендик трансформациясын баалоо маселелери барган сайын чоң мааниге ээ болууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн концентрациясы жогору болгон региондордо жер бетинин техногендик өзгөрүүлөрүнүн масштабы табигый өзгөрүүлөрдөн ашып түшөт

антропогендик факторлор, эрозия, экология, рельеф, трансформация, глобалдык проблема, жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрө, өнөр жай, жаратылыш
115-120
Asanbek uulu, A. (2024). ANTHROPOGENIC IMPACTS AND CHANGES IN LANDFORMS. Bulletin of the Bishkek State University, 22(3), 115-120. https://doi.org/10.35254/bsu/2024.69.17

Колдонулган булактар

1. Кыргызстан : Улуттук энциклопедия. Т. 1 / башкы редактору Ү. А. Асанов. – Биш- кек : Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 б.
2. География — от теории к практике : материалы Международной научно-практиче- ской конференции (Луганск, 27–29 октября 2021 года) / под редакцией Е. Н. Трегубенко, Ю. Ю. Чикиной. – Луганск : Альма-Матер, 2021. – 280 с.
3. Бронгулеев, В. В. Геоморфологические режимы / В. В. Бронгулеев, Д. А. Тимофеев, В. П. Чичагов // Геоморфология. – 2020. – № 4. – С. 3-10.
4. Матикеев, К. Физикалык географиянын проблемалары : окуу китеби / К. Матикеев. – Ош : ОшМУ, 2013. – 100 б.
5. Жерге жайгаштыруунун негиздери : окуу китеби / С. Н. Волков, К. Ч. Исмаилов, В. В. Денисов, А. Ж. Батыкова. – Бишкек : Калем, 2019. – 348 б.