ТҮРК ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛДЕРИНДЕГИ ТҮР КАТЕГОРИЯСЫ
Г.С. ЧонмуруноваМакалада түрк жана кыргыз тилдериндеги түр категориясынын салыштырмалуу ана- лизи каралган. Изилдөө лингвистикалык жана салыштырмалуу методдорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. Түр категориясы татаал тилдик кубулуш катары каралып, ал иш- аракеттерди жана абалдарды билдирүү үчүн колдонулган убакыттык жана аспект маани- леринин тутумун түзөт. Негизги максат бул тилдердин өзгөчөлүгүн түзгөн жалпы жана айырмалоочу касиеттердин жыйындысын аныктоо болуп саналат. Бул тилдерде сүйлө- гөндөрдүн иш-аракеттерди кандайча кабыл алаарын жана түзүлүшүн түшүнүү үчүн түр категорияларын билүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Түр категориясы грамматика- нын бир бөлүгү болгондуктан, аны изилдөө тилдин түзүлүшүн тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Изилдөө ошондой эле каралып жаткан тил системаларындагы этиш түрлөрүнүн функционалдык жана семантикалык айырмачылыктарын жана морфологиялык каражаттар аркылуу аспектуалдуулукту билдирүүнүн өзгөчөлүктөрүн ачып берет
Колдонулган булактар
1. Серебренников, Б.А. Проблема глагольного вида в тюркских языках / Б.А. Сере- бренников // Вопросы грамматики тюркских языков : материалы координационного сове- щания по грамматике тюркских языков, сентябрь 1956 г. – Алма-Ата, 1958. – С. 290-301.
2. Johanson, L. Aspekt im Türkischen: Vorstudien zu einer Beschreibung des türkeitürkischen Aspektsystems = Аспект в турецком языке: предварительные исследова- ния для описания турецко-турецкого аспектологического строя / L. Johanson. – Uppsala: Almqvist & Wiksell, 1971. – 334 s.
3. Бондарко, А.В. Теория значения в системе функциональной грамматики: На ма- териале русского языка / А.В. Бондарко; Российская академия наук, Институт лингви- стических исследований. – Москва: Языки славянской культуры, 2002. – 736 с. – (Studia philologica). ISBN: 5-94457-021-0 EDN: RBAZID
4. Karaağaç, G. Türkçenin söz dizimi = Синтаксис турецкого языка / G. Karaağaç. – 2. Baskı. – İstanbul: Kesit Yayınları, 2009. – 288 s.