Кабыл алынган убакыт 10.07.2025, Түзөтүлгөн 12.12.2025, Кабыл алынган 29.12.2025

ФАКТЧЕКИНГ: КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНДА МААЛЫМАТТЫ ТЕКШЕРҮҮ ПРАКТИКАСЫНЫН АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ

Ч. Кийизбаева

Макала кыргыз журналистикасында маалыматты текшерүү маданияты катары фактчекингдин актуалдуу жана маанилүү проблемасын илимий жактан изилдейт. Улуттук медиа каражаттарынан алынган чыныгы мисалдардын негизинде фактты текшерүү практикасындагы жетишкендиктер жана реалдуу чакырыктар талданат. Фактчекинг системалаштыруу этабында экендиги аныкталды: Factcheck.kg, ПолитКлиника жана Kaktus.media медиа ресурстары дезинформация жана жалган жаңылыктар менен күрөшүүдө чоң натыйжаларга жеткен. Изилдөө аймак журналисттери үчүн маалымат базасынын жетишсиздигин жана убакыттык, материалдык ресурстардын тартыштыгын көрсөтөт. Кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү боюнча практикалык жана эффективдүү чаралар сунушталат. Журналист кадрларынын билим деңгээлин жогорулатуу, университеттерде адистештирилген курстарды киргизүү жана редакциялык стандарттарды бекемдөө сунушталат.

 

маалыматты текшерүү, медиа сабаттуулук, дезинформация менен күрөшүү, редакциялык стандарттар, фактты текшерүү, журналисттик компетенциялар, медиага ишеним, маалыматтык коопсуздук, кесиптик стандарттар, журналист окутуу
86-90
Kiyizbaeva, Ch. (2025). FACT-CHECKING: THE STATE AND DEVELOPMENT PATHS OF INFORMATION VERIFICATION PRACTICES IN KYRGYZ JOURNALISM. Bulletin of the Bishkek State University, 23(4), 86-90. https://doi.org/10.35254/bsu/2025.74.13

Колдонулган булактар

  1. ИИМ "маркум Айсулуунун агасымын" деп жалган маалымат берген адам милицияга жеткирилгенин билдирди [Электронный ресурс] // Азаттык Радиосу. – 2024. – 1 окт. – Режим доступа: https://www.azattyk.org/a/33545722.html (дата обращения: 01.10.2025).
  2. Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет [Электронный ресурс] // ПолитКлиника. – Режим доступа: https://pk.kg/news/inner/faktchek-instagramdagy-kichinekej-baldarga-akcha-chogultkan-barakcha-shyluunduk-menen-alektenet/ (дата обращения: дата не указана).
  3. Козловский, Б. Максимальный репост. Как соцсети заставляют нас верить фейковым новостям / Б. Козловский. – Москва : Альпина Паблишер, 2018. – 198 с.
  4. Коррупция Садыра Жапарова и Каныбека Туманбаева на стройках [Электронный ресурс] // YouTube. – Режим доступа: https://www.youtube.com/watch?v=wHrXaKghSVw&t=876s (дата обращения: дата не указана).
  5. Кыргызстандагы фактчек [Электронный ресурс] // Factcheck.kg. – Режим доступа: https://factcheck.kg/kyrgyz-kyrgyzstandagy-faktchek/ (дата обращения: 28.12.2020).
  6. Нанакеева, Н. Кыргызстандагы ачык маалыматтардын негизинде журналисттик иликтөө жасоо боюнча колдонмо китеп / Н. Нанакеева, Э. Турдубаева. – Бишкек : [б. и.], 2022. – 192 б.
  7. Суходолов, А. П. «Фейковые новости» как феномен современного медиапространства: понятие, виды, назначение, меры противодействия / А. П. Суходолов, А. М. Бычкова // Вопросы теории и практики журналистики. – 2017. – Т. 6, № 2. – С. 143–169.
  8. Шатанова, Д. Фейк жаңылыктар жана алардын алдын алуу чаралары, ачыкка чыгаруу жолдору / Д. Шатанова // Эл агартуу. – 2025. – № 5–6. – Б. 202.