КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР
Н. СулаймановаИзилдөө З. Сооронбаеванын «Чоочун киши» чыгармасынын негизинде кыргыз тилиндеги фразеологиялык бирдиктерди комплекстүү талдоого арналган жана Э. Абдулдаев, А. Сапарбаев, К. Нармырзаева эмгектериндеги теориялык негиздерге таянат. Чыгармадагы туруктуу сөз айкаштарын изилдөөдө системалуу семантикалык жана контексттик талдоо ыкмалары колдонулган. Фразеологиялык бирдиктер көп маанилүү эмоционалдык-мүнөздөмөлүк жана стилистикалык функцияларды аткарып, каармандардын ички дүйнөсүн ачып, кыргыз элинин улуттук менталитетин жана салттуу ой жүгүртүүсүн көркөм чагылдырары аныкталды. Табылган туруктуу сөз айкаштары этика, адеп-ахлак, өз ара урмат, өз ара жардам жана жогорку руханий баалуулуктар жөнүндө терең салттуу түшүнүктөрдү көрсөтөт. Фразеологизмдер азыркы көркөм дискурста кыргыз этносунун маданий эстутумун жана улуттук этномаданий иденттүүлүгүн сактоонун маанилүү куралы катары аныкталат.
Колдонулган булактар
- Абдулдаев, Э. Азыркы кыргыз тили / Э. Абдулдаев. – Бишкек : Кыргызстан, 2020. – 240 с. – Текст : непосредственный.
- Сапарбаев, А. Лексикология и фразеологизмы кыргызского языка / А. Сапарбаев. – Бишкек : Ыйман, 2018. – 180 с. – Текст : непосредственный.
- Нармырзаева, К. Тил илимине киришүү / К. Нармырзаева. – Бишкек : Учкун, 2019. – 200 с. – Текст : непосредственный.
- Сооронбаева, З. Чоочун киши / З. Сооронбаева. – Бишкек : Кыргызмамбас, 1983. – 448 с. – Текст : непосредственный.
- Асылбекова, Ч. Лингвосемантические аспекты соматических фразеологизмов в немецком и кыргызском языках : автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата филологических наук / Ч. Асылбекова. – Бишкек, 2015. – 32 с. – Текст : непосредственный.
- Юсупова, К. К. Кыргыз тилинин фразеологиясы / К. К. Юсупова. – Бишкек : Илим, 1998. – 210 с. – Текст : непосредственный.
- Байдылдаева, С. М. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин структуралык-семантикалык өзгөчөлүктөрү / С. М. Байдылдаева. – Бишкек, 2005. – 120 с. – Текст : непосредственный.
- Абдувалиев, М. А. Кыргыз тилинин фразеологиясы жана лексикологиясы боюнча лекциялар жыйнагы / М. А. Абдувалиев. – Бишкек, 2010. – 120 с. – Текст : непосредственный.