КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН СОВЕТТИК СОГУШ ПОЭЗИЯСЫНДА ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМДҮН ПУБЛИЦИСТИКАЛЫК ОСМЫСЛЕНИЕСИ
Ж. СултановаИзилдөө Кыргызстан жана Россия советтик мезгилиндеги публицистикалык лирикада өмүр жана өлүм образдарынын көркөм осмыслениесин Мукай Элебаев, Сооронбай Жусуев, Александр Твардовский жана Эдуард Асадовдун чыгармаларынын негизинде талдоого арналган. Методологиялык негиз катары поэтикалык тексттерди салыштырма-типологиялык жана интерпретациялык талдоо колдонулуп, алардын улуттук-маданий өзгөчөлүктөрү эске алынган. Өмүр образы эненин образы менен тыгыз байланышта экени аныкталды, анткени эне тынч үйдүн, руханий таянычтын, кайтып келүүгө болгон үмүттүн жана согуш шартында адамдык бүтүндүктү сактоонун символу катары берилет. Өлүм образы курман болгон жаш жигиттердин, балдардын жана аталардын мотивдери аркылуу ачылып, согуш трагедиясын, жалпы элдик кайгыны жана жеңиштин нравалык баасын чагылдырат. Согуш поэзиясынын публицистикалык мүнөзү окурман менен ишенимдүү диалогдо көрүнөт, анда жарандык пафос жеке кайгы, коркунуч, сүйүү, эс тутум жана ишеним менен айкалышат. Ырлар тарыхый эс тутумду жана адамдын ички дүйнөсүн сактоонун маанилүү каражаты катары каралат.