КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНДА АЙЫЛ АТТАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КАЛЫПТАНГАН АЙРЫМ УЛАМЫШТАР
Хүсеин СатычыоглуКыргыздар көчмөн эски түрк цивилизациясынын көптөгөн маданий мурастарын бүгүнкү күнгө чейин жеткире алган элдердин бири болуп эсептелет. Кыргызстандын тоолуу жана тик географиялык шарттары салттуу ма- даниятты жана ишенимдерди тышкы факторлордон көбүрөөк коргоп келген. Түп тамыры түрк мифологиясы- на негизделген кыргыз элинин кайталангыс маданияты айыл жеринде колдонулган ырым-жырым, каада-салттар, ишенимдер жана оозеки аңгемелерде өзүн көрсөтөт. Топонимикалык уламыштардын ичинен тексттердин мифо- логиялык жана маданий мазмуну, ошондой эле ономастика жагынан айыл аттары өзгөчө орунду ээлейт. Айылдар салттуу маданиятты сактап, келечек муундарга өткөрүп, улуттук маданиятты азыктандыруучу тамырлары болуп саналат. Биздин эмгегибизде Ат-Башы, Тамга, Тору-Айгыр, Ак-дөбө, Арык-уулу, Калмак-Кырчын, Кутурган, Кулунду, Дархум, Лебединовка айылдарынын атына жараша калыптанган уламыштар изилденген
Колдонулган булактар
1. Dıykanbayeva, A. (2004) Kırgız Efsaneleri Üzerine Bir Araştırma. Doktora Tezi, İzmir: Ege Üniversitesi Soysal Bilimler Enstitüsü Halk Bilimi Ana Bilim Dalı Türk Dili ve Edebiyatı Bilim Dalı.
2. Апышева, С. (2011) Миф и легенды Тянь-шан. Биш- кек: Арабаев К. М. Университети
3. Roux, Jean Paul. (2011) Eski Türk Mitolojisi. Ankara: BilgeSu Yayıncılık.
4. Bayat, F. (2007) Türk Mitolojik Sistemi 2. İstanbul: Ötüken Neşriyat.
5. İnan, A. (1986) Tarihte ve Bugün Şamanizm. Ankara: Türk Tarih Kurumu Basımevi.
6. Рысбаев С.; Батыркулова А. ж.б. (2016) Ала-Тоо уламыштары. 2 –томдук. Бишкек.