КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДАГЫ КӨРКӨМ КОТОРМО ЖАНРЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИНИН АКТУАЛДУУЛУГУ
р ИсмаиловаМакалада улуттук адабияттагы көркөм котормонун калыптанышы, өсүп-өнүгүшү, анын адабий процесске тийгизген таасири жана адабий процесстеги ордун, маанисин аныктоо болуп саналат. Орус жана совет адабиятынын көрүнүктүү котормочу- теоретиктери: К.Чуковский, С.Маршак, Г.Гагечиладзе, И.Левый, Н.Любимов, М.Рыльский, А.В.Федоров, П.И.Копанев, Ю.Левиндин жана башкалардын көркөм котормо жөнүндө атайын фундаменталдуу эмгектери жазылган. ”Кыргыз жазуучулары үчүн котормочулук жумуш өз алдынча чыгармачылык бир мектеп катары болгон жана азыркы учурдагы көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын дээрлик баары ошол мектептин баскычтарынын өткөн” деп, адабиятчы К.Асаналиев айткандай, туңгуч акын-жазуучулардын ар бири көркөм котормо менен астейдил иштешкен. Адабият жаралганда көркөм котормо кошо жаралганын фактылар менен аныктоо, анын таасиринде жеке чыгармачылык өнөрдүн өсүшү, жеке стилдин калыптанышы, эволюциясы, дүйнө элдери менен болгон адабий-маданий карым-катнашты бекемдөө, орток адабий мурастардын кенчин толуктоо, эң башкысы эне тилдин казынасына кошкон салымын аныктоо зарыл
Колдонулган булактар
1. К. Чуковский:” Высокое искусство” [М. “Искусство”. 1964.]
2. Н. Любимов: “Несгораемые слова” [М. “Худ. литература”. 1983.]
3. М. Рыльский: “Искусство перевода” [М. “Советский писатель” 1986]
4. А. Федоров: “Искусство перевода и жизнь литературу”, [Советский писатель, Ленинград отд, 1983]
5. Көркөм котормо тарыхы жана теориясынын маселелери. Бишкек. 2005.