ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН “КУТ АЛЧУ БИЛИМ” ДАСТАНЫНДАГЫ РУХАНИЙ БААЛУУЛУКТАР
р УмароваБул макалада Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанынын жазылыш тарыхы, чыгарманын бир нече аталыштары тууралуу маалыматар берилген. Дастанда Жусуп Баласагындын жеке адамдан баштап мамлекет башкаруучулардын адамдык сапаты, милдети, адамдын адам алдындагы парзы катары чагылдырган баалуу идеялары тууралуу сөз болот. Акын чагылдырган образдардын, идеялардын эскирбес күчү, мыйзам ченемдүүлүктөрү жана алардын философиясы талданган. Акын бул чыгармада мамиленин бир нече түрлөрүн атагандыгы чечмеленет. Мамиле түшүнүгү адам баласынын башкалар менен ар кандай карым- катышта, байланышта болуусунун, адамгерчиликтин, өнөр ээлерин кадырлоонун чен-өлчөмү катары берилиши изилденген. Анын тил тууралуу, акындарга карата мамиле тууралуу айткан залкар ойлорунун маани маңызы, учур маселелери менен байланышы аныкталып, илимий- теориялык түшүнүктөр менен ырасталган
Колдонулган булактар
1. Жусуп Баласагын. Куттуу билим, Б., 2017
2. Токтоматов Н. Жаманкулов Ж. Мамлекет башкаруу илими.Б., 2011
3. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 4-т., Б., 2012
4. Мусаев С. К-те : Кыргыз элинин чечендик өнөрү. Б. 2015
5. Шериев Ж. Адабият тааныткыч. Ош, 1993