Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ДООРУ (АЛ МЕЗГИЛДЕГИ АЯЛДАРДЫН ОБРАЗЫН ТҮЗҮҮНҮН ТАРЫХЫЙ-СОЦИАЛДЫК, САЯСИЙ-НРАВАЛЫК ѲҢҮТҮ)

А. Бакешова

Макалада Ч. Айтматовдун аӊгемелери талдоого алынып, бул жанрда образ түзүү, айрыкча аялдардын образын түзүү кандай чыккандыгы анализденди. Улуу жазуучу чыгармачылык сапарын дал ушул аӊгеме жанры менен баштагандыгы, алгачкы аӊгемелеринде совет доору талап кылган көрсөтмө, милдеттерди аткарган, аткарбаганы, доордун чындыгы көркөм дүйнөдө кандай орун алгандыгы изилдөө менен бирге образ түзүү талабы ал мезгилде кандай болгондугун ачып берүү аракети көрүлдү. Каарман, образ түзүү ыкмасынын тарыхый-социалдык, саясий-нравалык өӊүтүн Асиянын, Зейнептин, Саадаттын образдарын талдоо аркылуу ачып бергенге аракеттендик. Жазуучунун аӊгемелери чыгармачылыктын жаӊы башталышы болгондугуна карабастан, баяндоо ыкмасынан арылып, каарман, образ түзүүгө жетише алгандыгы, натурализмден реализмге кадам таштагандыгы аялдардын образын талдоо менен изилденди. Аӊгемелерин талдоодо ийгилигин эле айта бербестен, кемчилиги да көрсөтүлүп, изилдөө сын маанайында жүрдү

адабий салт, анализ, көркөм мурас, синтез, сын, сюжет, образ
76-83
Bakeshova, A. (2023). CH. AITMATOV ERA (HISTORICAL-SOCIAL, POLITICAL-MORAL DEVELOPMENT OF THE IMAGE OF WOMEN DURING THAT PERIOD). Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 76-83. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.13

Колдонулган булактар

1. Асаналиев К. Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери. /Китепте. Доор менен бирге. – Ф.:  Кыргызстан, 1981. 
2. Асакеева Д.Ж. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында сюжет куруу проблемасы. – Б., 2008. 
3. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 т-к. 1-т. – Ф.: Илим, 1987.  Чыӊгыз Айтматов. 3 т-к. – Ф.: Кыргызстан, 1983.
4. Потапов Н. Свет человечности. Айтматов Ч. Собр. соч. В 3 т. Т. 1.  –М., 1982.
5. Токулова И.Ч.  Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы балдарды эмгекке тарбиялоонун маселелери. – БМУ жарчысы, №2 (36) –Б., 2016, 67-б.