КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭТНОЛИНГВИСТИКАЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИН ФОНУНДА
Б. Бекишова, А. МамбетсадыковаБул макалада Кыргызстанда мамлекеттик тил саясатынын этнолингвистикалык процесстердин фонундагы өзгөчөлүгү талдоого алынат. Мамлекеттик тил саясатынын генезисине токтолуу менен айрымжетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленет. Коомдо болуп жаткан саясий-социалдык процессттердин тил саясатына тийгизген таасири көрсөтулөт. Ошондой эле автордун көз караштары чет элдик окумуштуулардын тил саясатына жана этнолингвисттикалык процессттерге карата айтылган илимий көз караштары менен бекемделет. Мамлекеттик тил маселеси курч коюлса ал сөзсүз түрдө этностук маселенин келип чыгышын шарттайт. Ал өз кезегинде мамлекеттик саясаттын айрым багыттарына корректировка киргизүүгө алып келет. Мамлекеттик тил саясаты биздин мамлекетте этносаясий процесстерден көз каранды болуп саналат. Макалада негизинен ушул процессттерге кыскача талдоо жасалат
Колдонулган булактар
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин 2020-2027жылдарга өнүктүрүү программасы жөнүндө» Жарлыгы.
2. 2000-жылдын 29-майындагы «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Руссо Л.Ж. Тил саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Ишемби:«Заманбап дүйнөдөгү тил саясаты», S - P. 2007.
4. Сыдыкбаев Ч.М., Н.С.Ысырайылова. Идеологиялык өксүк. КР УИАнын Жарчысы. 2021-ж.
5. Мечковская Н.Б. Жалпы тил илими: Тилдердин структуралык жана социалдык типологиясы. – М.: Флинта: Илим, 2001. – 25 б.
6. Азыркы заманда улуттук жана тил маселелерин чечүү / Ред. акад. Челышева Е.П. - М.-СПб: Златоуст, 2003. - 159б.