Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

А.ЧОРОБАЕВДИН “ТАЙЛАК БААТЫР” ПОЭМАСЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА КӨРКӨМ ЧЫНДЫК

Н. Жамангулова

Тарыхта белгилүү болгондой,  ХIX кылымдын башында кыргыз жерине, анда жашаган элге реалдуу коркунучтар болуп турган. Уруулар ортосундагы ич ара түшүнбөстүктөн келип чыккан кагылышуулар, бир жагынан Кытай өлкөсүнүн Цинь империясынын, экинчи жагынан кыргыз жерине кирип келген Кокон хандыгынын жүргүзгөн үстөмдүк саясаты эл ичинен баатырлардын чыгышын шарттабай койгон эмес жана баскынчылардын жортуулдарына каршы кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөштөр баатырларсыз  өз максатына жетмек эмес. Кылымына, дооруна жараша тарыхый инсандардын да көтөргөн жүгү, милдети, жоопкерчилиги артып жасаган иштери, баатырдык көрсөткүчтөрү бөтөнчөлөнүп келет. Акын А.Чоробаев фольклордук чыгармаларды жыйноочу, санжырачы, сөз кадырын билген адам катары өз элинин тарыхына кайрылып, элдин аң сезиминде кыттай уюп калган чыныгы жашап өткөн,  баатырдыгы кылымдар алмашса да өз баасын жоготпой келе жаткан, тайманбастан сан миңдеген жоолордун кол салуусунан жеринин, элинин эркиндигин коргогон тарыхый инсан  Тайлак баатырдын мекен үчүн жасаган эрдиктерин эл оозунан чогултуп, тиешелүү формага салып, аны шөкөттөп, кийинки келечек муундардын атуулдук сапаттарын калыптандырып  кыргыз уул-кыздарына дем-күч берип, мекенчилдик сезимдеринин ойгонушуна түрткү бере турган, бир керемет чыгармага айлантып окурмандарына тартуулай алды.  “Тайлак баатыр” поэмасында XIX кылымдын биринчи жарымында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы боштондук күрөштүн жетекчиси Тайлак баатырдын иштери жөнүндө баяндалат

Цинь империясы, Кокон хандыгы, баскынчылык, мекенчилдик, поэма, боштондук күрөш, тарыхый инсан
157-164
Zhamangulova, N. (2023). HISTORY AND ARTISTIC REALITY IN A. CHOROBAEV’S POEM «TAILAK BAATYR». Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 157-164. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.26

Колдонулган булактар

1. Мусаев С.  Эпикалык жанр: Кыргыз адабиятынын тарыхы. I том. // Бишкек, Шам. 2002.
2. Орозова Г. Кыргыз элдик поэмаларынын табияты (Жанр. Сюжет. Историзм) // Бишкек – 2015. 32-бет.
3. Кыргыз адабиятынын тарыхы: Байыркы орток жана кол жазма адабияты. 
А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында // Бишкек: 2012. IV том, -397-б.
4. Чоробаев А.  Тандалган чыгармалар. Жаңыл Мырза. Тайлак баатыр //Түзг.: Н.А.Чоробаев. – Б.: 2016. -388б.
5. Тайлак баатыр: Эл четинде, жоо бетинде // Кыргыз элинин чыгаан баатыры Тайлак Рыскул улуунун (1796-1838 220жылдык жана залкар акын жана дастанчы А.Чоробаевдин хумурияттык  илимий- тажрыйбалык жыйындын материалдары. – Бишкек, “Мурас” фонду, 2016.