ЖЫПАРА ИСАБАЕВАНЫН «БИР ҮЗҮМ ОТ» ЖЫЙНАГЫНДАГЫ КӨРКӨМ- ЭСТЕТИКАЛЫК ТАБЫЛГАЛАР
Майрамкан Келдибай кызыБул макалада азыркы кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү акын кыздарынын бири – Жыпара Исабаеванын чыгармачылыгы тууралуу сөз болот. Жыпара Исабаева чыгармачылыгын эгемендүүлүк жылдарында баштап, көптөгөн прозалык чыгармаларды жазууга, поэтикалык ыр жыйнактарды чыгарууга жетишкен. Ошондой ийгиликтүү чыккан ыр жыйнактарынын бири – «Бир үзүм от» жыйнагы. Мына ушул поэтикалык жыйнактын көркөм-эстетикалык барк- баасы, азыркы кыргыз адабиятындагы орду тууралуу кеп козголуп, ырлар талдоого алынат. Ж.Исабаеванын «Бир үзүм от» жыйнагында сүйүү ырларына негизги орун таандык. Акын сүйүү темасын өзүнө гана таандык, башкача ыргак, жекече стилде жаза алган десек болот деген жыйынтык чыгарылды
Колдонулган булактар
1. Асакеева Д. Ж. Кыргыз адабиятынын маселелери (К.Тыныстановдон Ч.Айтматовго чейин). – Б.: 2012. – 348 б.
2. Исабаева Ж. Бир үзүм от. – Б.: Турар, 2014. – 288б.
3. Өмүрканов А. Акын-мезгилдин кардиограммасы. // Кыргыз руху. №30 2004, 8-б.
4. Үкүбаева Л. Кыргыз адабияты эгемендүүлүк жылдарында. //Китепте: Чыӊгыз Айтматов жана азыркы адабий процесс. – Б.:Турар, 2013. -256б
5. Ибраимов О. История кыргызской литературы ХХ века: (том первый). – Б: «Бийиктик», 2012.