Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

К. ЖУСУБАЛИЕВДИН “МУЗДАК ДУБАЛДАР” РОМАНЫНДА АДАМ ЖАНА КООМ ПРОБЛЕМАСЫНЫН КӨРКӨМ ЧЕЧИЛИШИ

Б. Темирова, Нуриза Абдумухамед кызы

Макалада  таланттуу жазуучу   Кубатбек Жусубалиевдин  “Муздак дубалдар” романында   адам жана коом маселесин  жаңыча көз карашта көркөм интерпретациялагандыгы  изилдөөгө алынат. Жазуучу “Муздак дубалдардан” баштап  батыш адабиятын чыгармачылык менен өздөштүрүп, улуттук адабияттыбызда модернисттик дүйнө таанымга чыйыр салуу менен экзистенциализмыкмасын чебер  колдонгон. Совет доорундагы коммунисттик партиянын катаал  идеологиясынын кесепетинен  адамдардын талкаланган тагдырлары, өксүк муундардын жашоодогу трагедиясы, адеп-ыйман сабактары, улуттук баалуулуктар муздак дубалдардын курчоосунда калгандыгы реалдуу турмуштук окуялар, образ- символдор  аркылуу таамай  сүрөттөп берген. Негизи жазуучу каармандын  жан дүйнөсүн терең ачып берүүгө жетишкен.Натыйжада автор  инсандын коомдон, тарыхтан кыйла жатыркоосун,  индивидуалдуулук кысылып, өзүнчөлүгү жок болмуштун жетегинде жүрүшү, адамдардагы жалгыздык, кооптону, келечекке коркунуч, убайым сезимдерди, ой жүгүртүүнүн татаалдыгын  терең психологизм,   өзүн-өзү талдоо ыкмалары аркылуу көркөм эстетикада “аң-сезим сели” стилдик өзгөчөлүктөрдү кыргыз адабиятына  алып келди- деген жыйынтыктуу ой пикирлер менен  коштолот

роман, адам, коом, модернисттик метод, аң-сезим сели, психологизм, трагедия, образ-символ, чеберчилик
506-511
Temirova, B., & Abdumukhamed kyzy, N. (2023). ARTISTIC INTERPRETATION OF HUMAN AND SOCIETY PROBLEMS IN K. DZHUSUBALIEV’S NOVEL “COLD WALLS”. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 506-511. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.78

Колдонулган булактар

1. Байгазиев С. Адам, коом маселеси философияда жана адабиятта // Ала-Тоо.-1980.-№1.
2. Асакеева А.Ж. Советтик идеология жана ХХ кылымдагы улуттук адабий-көркөм процесс. Монография.– Б., Улуу тоолор, 2015. –536 б.
3. Айтматов Ч.Т. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. - Ф., Кыргызстан, 1988.- 400 б.
4. М.Токтогулова. Кубатбек Жусубаливдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана акыйкаттын жолу. – Б., Бийиктик, 2020.-170 б.
5. Жусубалиев К. .Муздак дубалдар: / Романдар жана повесть.-Б., Адабият, 1990.- 432 б.
6. Кадырмамбетова А. Жусубалиев Кубатбек. [Текст]:/ А.Кадырмамбетова   // Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 том.Б., 2002. –720 б.
7. Каныбекова А.К. Кыргыз роман жанрынын өнүгүшү (60-70-жылдарда) - №2 (32) – Б., 48-б.