ЛЕКСИКАЛЫК ДИАЛЕКТИЗМДЕР ЖАНА АЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНҮН АКСЫ ГОВОРУНДА МААНИСИНЕ КАРАЙ КОЛДОНУЛУУ ШАРТТАРЫ
Г. Дөөлөтбекова, А. СопоноваАксы районунун жергиликтүү калкы жашаган аймактагы “өзгөчө тил” изилдөөгө жыш милдеттерди өз ичине алат. Диалектологиянын табиятына ылайык биз бул чөлкөмдөгү лексика-семантикалык диалектилик айырмачылыктардын таралыш ореалын, колдонууда адабий тилге тийгизген таасирин, ошол сөздөрдүн келип чыгыш тарыхына да кызыгып көрдүк. Диалектин лексикалык өзгөчөлүктөрү байланыш каражаттары болуп, тилдин жазуу формаларында да, атап айтсак райондук басма сөздө (гезиттерде) айрым предметтерди жана кубулуштарды жергиликтүү окурмандарга айкыныраак атоого жардам берет. Аксы говорунун лексикасы башка региондорго карганда адабий тилде варианты жок көп сөздөрү же башка говорлордо кездешсе да сейрек колдонулган өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Ошондуктан диалектилик сөздөрдүн картасын түзүүдө жана салыштырма диалетилик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө говордун ичинде эле ар бир кичи айыл-кыштактардын арасындагы майда диалектилик өзгөчөлүктөрдүн колдонулуш, таралыш мүнөзүнө жараша карап чыгуу талап кылынат. Макалада аймактагы коммуникативдик фондунун негизги бөлүгү болгон лексикалык диалектилик сөздөргө басым жасап, адабий тилдеги маанисинин конкреттүүлүгүн деталдаштырууга ыктадык. Диалектилерди үйрөнүүдө биз элди изилдейбиз жана анын тарыхы менен таанышабыз
Колдонулган булактар
1. Хожиев А, Аҳмедов А. Узбек тили лексикологиясы //Масьул мухарирлар –Тошкент: Фан, 1981.
2. Султангазиева Ж, Мамбетакунова Н. Классикалык изилдөөлөр жана тексттер// Диалектология 1-том – Б.,-2019.
3. Абдулдаев Э. Кыргыз говорлору. Ф.,1966.
4. Исакова Т.Ж., Бекматова Ж.Т. Кыргыз тилиндеги адабий тил жана диалектикалык сөздөрдү жазууда жана оозеки кепте колдонуунун аймактык өзгөчөлүктөрү // Известия вузов кыргызстана, № 6, 2015.
5. Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана фразеология. – Б., 1998.
6. Бакинова Г, Кондучалова С, Сыдыков С. Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору - Ф: 1957. 167-б.
7. Дунканаев А.Т, Молдокунова А.А. Кыргыз орфографиясы жана анын айрым маселелери. – БМУнун жарчысы, – Б., №1 (47). 2019. 3-6-б.