КӨРКӨМ КОТОРМОНУН АДАБИЙ ПРОЦЕССТЕГИ ОРДУ ЖАНА МААНИСИ
р ИсмаиловаМакалада улуттук адабияттын жаралышы жана калыптанышында көркөм котормонун ролу, таасири жөнүндө айтылат. Көркөм котормонун теориясы жана принциптери, методологиялык усулдары ошондой эле пайда болушу жана калыптанышы жөнүндөгү маселелер мурдагы союздун деңгээлинде, айрыкча орус жана совет адабиятында көп жылдар бою талашып-тартышууну, адабий полемиканы жаратып келди. Профессионал адабиятыбыздын пайдубалын көтөргөн кыргыз акын-жазуучуларынын дээрлик көпчүлүгү чыгармачылыгын көркөм котормодон баштап, болгондо да орус жана орус тили аркылуу дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн чыгармаларын которуп, ошонун таасири менен өздөрүнүн жазуу манерасын, стилин калыптандырган, жанр жөнүндөгү көз карашын байыткан, классиктердин тажрыйбасынан таалим алышкан. кыргыздын алгачкы интеллигенттери Казан, Алматы шаарларында билим алып, алгач татар жана казак тилинде көркөм адабияттар менен таанышканы белгилүү. Ал эмес, тунгуч чыгармаларын казак тилинде жазышкан. Мисалы, Гоголдун “Өлүү жандары” биринчи казакчадан кыргызчага которулган. Жаңы телчигип келаткан жанрга бороз салышкан акын-жазуучуларга жакындан жардам бере турган сөздүктөр, справочниктер болгон эмес [ Х. Карасаев ]
Колдонулган булактар
1. К. Чуковский:” Высокое искусство” [М. “Искусство”. 1964.]
2. Н. Любимов: “Несгораемые слова” [М. “Худ. литература”. 1983.]
3. М. Рыльский: “Искусство перевода” [М. “Советский писатель” 1986]
4. А. Федоров: “Искусство перевода и жизнь литературы”, [Советский писатель, Ленинград отд, 1983]
5. Көркөм котормо тарыхы жана теориясынын маселелери. Бишкек. 2005.