ЖАЗУУЧУ МЕЛИС МАКЕНБАЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДАГЫ АДАМ ЖАНА КООМ ПРОБЛЕМАСЫ
М. Сыдыкбаева, Б. АтабековаМелис Макенбаев он эки романы менен кыргыз романдарын сан жагынан гана көбөйтпөстөн, сапат жактан да жаңылык киргизип, жаңы бийиктикке көтөргөн жазуучу.
СССРдин убагынан бери жетимиш, сексен жылдап жашырылып, жабылып келинген зым тикенектүү дүйнөнүн жашоосу, андагы жазылбаган мыйзамдар, эгемендүүлүк жылдарындагы рынок шарты, жумушсуздук, көпчүлүккө түшүнүксүз болгон, көрүп-көрбөгөн, билип-билбеген кыйын шарттагы жашоо тууралуу ачуу чындыктар анын чыгармаларынын тулкусун түзөт. Турмушта жолуккан адам мүнөздөрү, абактагы жашоо, андагы түркүн адамдар, кол тийгиз кылып түзүп алышкан мыйзамдар, адамдарга жасалган мамиле, ал жакта өзүн алып жүрүү эрежелери, эне тилин түрмө тилине которуусу, сыяктуу жай турмушта жашоо кечирип жаткан карапайым адамдардын түшүнүгүндө жок нерселер менен тааныштырган
Колдонулган булактар
1. Гурам Асатаинин / Текст. Дружба народов, 1974, №2,-с.129.
2. Исанов Д. «Жашап жазган жазуучу», «Жаңы агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.01.2015
3. Макенбаев М. Бөрүлөрдүн чыйыры.-Б.,1994, 78-б
4. Осмоналиев Калыбай «Макенбаевдин жети романы жөнүндө»,«Кыргыз туусу»,26-28- август, 1997.
5. Сыдыкбаева М. « Кыргыз Бальзагынын мурастары», «Кыргыз туусу», 23-октябрь, 2012-жыл.
6. Сыдыкбаева М. М. “ Мелис Макенбаев” , -Б.; 2019, 88б.