КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА СТУДЕНТТЕРГЕ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮКТӨРҮН БЕКЕМДӨӨНҮН ЖОЛДОРУ
Т. ЧымановаМакалада кыргыз тилин жогорку окуу жайларында окутууда студенттердин кыргыз улуттук баалуулуктары боюнча түшүнүктөрүн бекемдөөнүн зарылдыктары, теориялык маселелери жана практикалык иш-аракеттердин каражаттары менен ык-жолдорун сабакта пайдалануунун ык- жолдору иштелип чыкты. Советбек Байгазиевдин «Президент С.Жапаровдун Жарлыгы жана улутту сактоонун стратегиясы» («Ачык саясат», 2021, 26-март) жана «Ак калпак журтту сактоонун идеологиясы» («Майдан», 2022, 2-февраль) аттуу макалаларын жана С.Рысбаевдин «Кыргыздын элдик баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктөрү» (Б., «Улуу Тоолор», 2020. -216 б.) деп аталган эмгегин пайдалануунун айрым жолдору берилди. Студенттер арасында улуттук баалуулуктар түшүнүктөрү боюнча маалыматтары чектелүү экендиги айтылып, аны байытуунун, толуктоонун дидактикалык негиздери аныкталды. Улуттук баалуулуктарды өздөштүрүүгө карата колдонулуучу интерактивдүү ык-жолдору менен натыйжалуу каражаттары, активдүү формалары тууралуу маалыматтар берилди. Макалада теориялык маалыматтарга гана эмес, аларды колдонуунун практикалык маселелери, мааниси тууралуу ой-пикирлер басымдуулук кылат
Колдонулган булактар
1. Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. - Бишкек, 2001. - 215 б.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгы. // «Эркин -Тоо», 2021, 3-август.
3. Байгазиев С. Ак калпак журтту сактоонун идеологиясы // «Майдан», 2022. 2-февраль.
4. Байгазиев С. Президент С. Жапаровдун Жарлыгы жана улутту сактоонун стратегиясы // «Ачык саясат». -2021, 26-март.
5. Рысбаев С. Кыргыздын элдик баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктөрү. - Б., «Улуу Тоолор», 2020. -216 б.