Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

Т. СЫДЫКБЕКОВДУН “КӨК АСАБА” РОМАНЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАТААЛ ТАГДЫРЫ ЖАНА МЕЗГИЛ ТРАГЕДИЯCЫ

Нуриза Абдумухамед кызы

Макалада Т. Сыдыкбековдун “Көк асаба” романында кыргыз адабиятынын тарыхында  алгачкы жолу Енисейлик кыргыздардын жоокерчилик доордогу карама-каршылыктуу  драмага толгон татаал тагдырын жана   мезгилди трагедиясын таасын, элестүү чагылдыргандыгы жөнүндө сөз болот. Тарыхчы-окумуштуулардын фундаменталдуу эмгектериндеги обективдүү ой-тыянактар Енисей кыргыздарынын тарыхына байланыштуу фактыларды жаңыча кароого негиз берет. Т. Сыдыкбеков доордун күрөө тамырын кармай билип, ага ар дайым сергек мамиле жасаган сүрөткер катары бул өзгөрүүлөрдү илгиртпей сезип, романга негиз болуп бере алган тарыхый даректерди, материалдарды көп изилдеп, талдап чыгып, совет доорундагы жабак темага кайрылуу менен дың жерди бузган.  Көк асаба» романында Енисейлик кыргыздардын коомдук- социалдык турмушун, саясий-маданий ордун, дүйнө таанымын,  уруучулук наркын, салт-санаасын, элдин биримдигин жана ажырымын, жеңиштүү салтанатын жана кайгылуу кыйрашын  чагылдырууга жазуучу өзүнүн орошон талантын жумшаган, өз калкынын тарыхы менен улуттук психологиясын терең билип,   таамай, элестүү  сүрөттөй алган- деген жыйынтыктуу пикирлер менен коштолот

тарыхый роман, Енисейлик кыргыздар, баатырдык мотив, мезгил,трагедия, көркөм жалпылоо, мүнөз, чеберчилик, поэтикалык туюнтуу
12-15
Abdumukhamed kyzy, N. (2023). THE DIFFICULT FATE OF THE KYRGYZ PEOPLE AND THE TRAGEDY OF TIME IN T. SYDYKBEKOV’S NOVEL “BLUE ASABA”. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 12-15. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.03

Колдонулган булактар

1. Темирова Б.Т.  Сыдыкбековдун “Көк асаба” романынын көркөм наркы. Б., 1997.105-б.
2. Мурзахмедова Г. Фольклорные особенности кыргызского исторического романа // Известия Вузов, 2011. - №4. – с.247
3. Мусаев А. И.  Түгөлбай Сыдыкбеков: адам тагдыры жана чыгармачылык тагдыр(монография)-Б., 2002.371-б.
4. Лихачев Д.С.  Поэтика древнорусской литературы.-Ленинград, 1971.-233-б.
5. Юрхон-Енисей тексттери.Ф.,  1982. 88-б.
6. Лихачев Д.С.  Избранные работы.—Ленинград, Т.1, 1982.- 670-б.
7. Сыдыкбеков Т. -Көк асаба. Б., 1991.-б.