АЗЫРКЫ БАЛДАР АДАБИЯТЫНЫН ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ
Г. ЖамгырчиеваИлимий макаланын максаты кыргыз балдар адабиятынын азыркы учурдагы өнүгүү абалын ачып көрсөтүү жана тийиштүү теориялык жыйынтыктарды чыгаруу болуп саналат. Макаланын практикалык мааниси орто мектептерде кыргыз балдар адабиятынын учрдагы чыгармаларынын негизинде жанрдык өзгөчөлүгүн түшүндүрүүсү, ал аркылуу балдар дүйнөсүн, көркөм сөздүн өзгөчөлүгүн баалоого жетишүүсү, тарбиялык мааниси аркылуу аныкталат. Балдар адабиятынын тематикасы ар кыл, козголгон жана ачыкка чыгарылган проблемалардын чоо-жайы да ар башка болгону менен көздөгөн максат-мүдөөсү жаш жеткинчектердин өткөндөгү жана азыркы турмуш-тиричилиине тикелей байланышкан тагдырларын, аларга байланыштуу тарыхый, маданий окуяларды жана күндөлүк өмүр-жашоо көрүнүштөрүн, балдарды түйшөлткөн ой-сезимдерди көркөм баяндоо менен тереңден ачып берүүгө, ал аркылуу бүгүнкү жана эртеңки окурмандын жан-дүйнөсүн байытып, асыл идеяларга сугарууга багытталат. Ал эми жанрдык-тематикалык тарабынан балдар жазуучуларынын учурдагы калемгерлик эволюциясына жалпысынан айрым иликтөө жүргүзүү макаланын актуалдуулугун. көрсөтөт
Колдонулган булактар
1. Жунушев К. Зымырык: Ырлар жана жомоктор.– Ф.: Мектеп, 1983.
2. Жунушев К. Айдың көл: Ырлар жана поэма.– Ф.: Мектеп, 1987.
3. Кыргыз балдар поэзиясынын антологиясы. Түзгөндөр: Кыдыров А., Сулейманов Д. – Ф.: Мектеп, 1987.
4. Рысбаев С. Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларындагы педагогикалык идеялар, ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринин окутуучулары жана студенттери үчүн кошумча окуу куралы. - Б.: 2015.
5. Самудинов Т. Жашынмак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984.
6. Самудинов Т. Чаң баспасын сөздөрдү: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991.