И.А.КРЫЛОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ АМАН ТОКТОГУЛОВДУН КӨЗҮ МЕНЕН
К. ТуратбековБул макалада акын, котормочу жана сынчы А.Токтогуловдун көркөм котормо жанрындагы изденүүлөрү талдоого алынат. Анын котормолорунун ичинен И.А.Крыловдун “Тамсилдеринин” поэтикалык таржымалына басым жасалат. Белгилүү болгондой, И.А.Крылов адабий көркөм чыгармачылыкта тамсил жанрын өнүктүрүп, орус классикалык адабиятындагы бул жанрдын өнүгүшүнө, калыптанышына, мазмундук-тематикалык жактан байышына эбегейсиз салым кошкон келмгерлердин бири. Анын тамсилдерине болгон кызыгуу канатташ казак элинен тартып, кыргыз профессионал жазма адабиятынын атактуу өкүлдөрүА.Токомбаев, К.Баялинов, А.Осмонов, Р.Шүкүрбековдор тарабынан кыргыз тилине которулуп, бирок, ошол котормолор элдик оозеки чыгармачылыктын салтына салынып, фольклордук мотивде калгандыгын адабиятчы-сынчылар белгилеп келишет. Ал эми А.Токтогулов И.Крыловдун өмүр-чыгармачылыгын, тамсил жанрына кайрылуусунун себептерин, тамсилдерин эркин которууга байланышкан маселелерди анализге алууга аракет кылган
Колдонулган булактар
1. Ахмедова С.Н. Особенности перевода художественного стиля Валерия Демидова. Особенности перевода художественного стиля / Проза.руproza.ru›2017/10/29/540
2. Белинский В.Г. Избранное. –М.: “Художественная литература”, 1959, т.1., С.114-б.
3. Крылов И.А. Творческий путь сатирика. sites.google.com›prod/view/krylovu250/творческий…
4. Улуу тамсилчи. /Китепте: А.Токтогулов . Тандалма чыгармалар, котормолор. 3-том. 319- бет
5. Эралиев С. Кымбат бойдон калат. /Китепте: Аман Токтогулов. Тандалма чыгармалар, котормолор. –Б., “Турар”, 2017, 3-том, 335-бет.