ИНКЛЮЗИВДИК МАДАНИЯТТЫН КАЛЫПТАНЫШЫНА ТИЙГИЗГЕН ФАКТОРЛОР
С. ИманкуловаБул макала инклюзивдик маданияттын калыптанышына тийгизген факторлорго ар- налат. Азыркы учурда инклюзивдик билим берүү бардык балдардын билим алууга жөн- дөмдүүлүктөрүн жана айырмачылыктарын таануу менен бирге, баланы окутууда ага эң ылайыктуу жолдорду тандоого багытталган. Ал ийкемдүү система, өнүгүүсүндө бузу- луулары бар балдардын гана эмес, ошондой эле ар кандай этникалык топтордун, жы- нысына, улутуна, динине, тилине карабастан бардык балдардын муктаждыктарын эске алат. Окутуу системасына бала эмес, система балага ылайыкташылат. Бардык балдарды окутууда жаңы ыкмалар, вариативдик билим берүү жана жекече программалар колдону- лат. Мектептеги инклюзивдик маданияттын өнүгүшү, кызматташуу идеялары менен бө- лүшкөн, билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын өнүгүүсүнө түрткү бер- ген коопсуз, сабырдуу коомду түзүүгө көмөктөшөт; бул коомдо ар биринин баалуулугу жалпы жетишкендиктин негизи болуп саналат
Колдонулган булактар
1. Джумагулова Ч. Развитие инклюзивного образования в Центральной Азии.- Биш- кек. 2003.
2. Багдасарова, Н.А. Кыргызстандын мектепке чейинки уюмдарында инклюзивдик ѳнүктүрүүчү чѳйрѳнү түзүү/ Окуу модулу ‒ Б, 2020
3. 2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүк- түрүү концепциясы
4. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүк- түрүү программасы
5. Астоянц М.С. Социальная инклюзия: попытка концептуализации и операционали- зации понятия / М.С. Астоянц, И.Г. Россихина // Известия Южного федерального универ- ситета. Педагогические науки. 2009. № 12. С. 51–58