«МАНАС» ЭПОСУН ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫ ТОЛЕРАНТТУУЛУККА КАЛЫПТАНДЫРУУ
Ж. ИмаралиеваОрто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына «Манас» эпосун окутууда окуучуларды толеранттуулукка калыптандырууга тийиш болгон маселелерди чечүү үчүн эпосту талдоо жумуштары макалада каралат. Анын этнопедагогика менен болгон байланышы чыгармага анализ берүү учурунда кандай болушу керектиги ачыкталып, проблеманы эпос менен байланыштырууда кандай кырдаалдар керектиги эске алынып, сабакта аткарылуучу жумуштардын мазмуну менен байланыштырылат. Окутуу процессинде эпоско туура талдоо жүргүзүлгөндө, окуучуларга этнопедагогикалык жактан тарбия берүүнүн деңгээли көтөрүлөт. Алынган жыйынтыктар орто мектепте жогорку окуу жайларда «Манас» эпосун окутуу процессин жакшыртууга, окутуунун колдонмо жана практикалык багытын күчөтүү, турмуштук маанилүү көндүмдөрдү максаттуу калыптандыруу сыяктуу педагогикалык билим берүүнүн принциптерин ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзүү менен жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына теориялык-практикалык жактан жардам берет
Колдонулган булактар
1. Байгазиев, С. Балдарга Манас баатыр жөнүндө //–Б.: Гүлчынар, 2008. – 164 б.
2. Исаков Б. Манастын жети осуяты // – Б.: 1997
3. Имаралиева Ж.Р. Манас эпосун окутууда башталгыч класстын окуучуларын ынты- мактуулукка жана патриоттуулукка тарбиялоонун жолдору Наука. Образоване. Техника.
Ош: КУУ, 2021. – № 3. – С. 99-103.
4. Имаралиева Ж.Р. Жаштарды «Манас» эпосундагы идеялар менен тарбиялоонун жол- дору XI эл аралык илимий-практикалык симпозиумдун жыйнагы. – 2022. – 295-299-бб
5. Үкүева, Б. Студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуунун жолдору / Б.Үкүева // Бишкек, Полирафбумресурсы Б-243