БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ШАРТТАРЫНДА КЕСИПКЕ БАГЫТТАП ОКУУДАГЫ ИНТЕГРАЦИЯЛЫК МЕТОДДОР
А. БелгибаевЗаманбап шартта авиациялык окуу жайлардын студенттеринин билимдерди жана көндүмдөрдү натыйжалуу өздөштүрүүсүнө көмөктөшүүчү окутуунун инновациялык ыкмалары менен бирге интеграцияланган окутууну да иштеп чыгууга жана колдонууга көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгы жаралууда. Жалпы кесиптик жана атайын дисциплиналардын циклдеринин предметтер аралык байланышынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен студенттерге компетенттүүлүктөргө негиздеп билим берүү жолдору каралган. Макалада авиациялык билим берүүнүн келечектеги өнүгүүсүндө интеграцияланган окутуу методдорунун потенциалы белгиленет. Интеграцияланган ыкма - дисциплиналар аралык байланыштар үчүн ар түрдүү предметтик чөйрөлөрдөгү билимдерди жана көндүмдөрдү бириктирүүгө жардам берип, студенттерге алардын өз ара байланыштарын көрүүгө жана маселелерди чечүү үчүн аларды комплекстүү колдонууга мүмкүндүк берет
Колдонулган булактар
1. Васильева С.В. Интегрированная технология процесса обучения студентов педаго- гических вузов / С.В. Васильева. - М., 2000. - С. 460
2. Иванов, В. Г. Междисциплинарные связи в образовательном процессе / В. Г. Иванов, Т. А. Иванова // Среднее профессиональное образование. – 2000. – № 12. – С. 44-47. – EDN UBPHPL.
3. Пузанкова, Е. Н. Современная педагогическая интеграция, ее характеристики / Е. Н. Пузанкова, Н. В. Бочкова // Образование и общество. – 2009. – № 1(54). – С. 9-13. – EDN LEYIFH.
4. Саякбаева Ж.Б., Сонколова К.А., Дыканалиев К.М. Кесиптик окутуу системасында маалыматтык технологияларды колдонуу / Ж.Б. Саякбаева, К.А. Сонколова, К.М. Дыканалиев // Известия Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова, 2019. - №3 (51). - С. 240-246.