Кабыл алынган убакыт 21.07.2023, Түзөтүлгөн 16.10.2023, Кабыл алынган 08.11.2023

«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ ҮЙЛӨНҮҮ ҮРП-АДАТТАРЫНЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

Ш. Дуйшөева

Макалада  байыркы кыргыздардын үйлөнүү үрп-адатын өзүндө сактап, аны көркөм чагылдырып келген “Манас” эпосундагы үйлөнүү үрп-адаты тууралуу сөз болот. ”Ма- нас” эпосун изилдеген   этнограф-окумуштуулардын кыргыз элинин үрп-адатына, салтына кызыгып элдин оозеки  көркөм чыгармачылыгынан  материалдарды жыйнап алышкан. 
Бул материалдардын ичинен эң негиздүүсү болуп “Манас”  эпосунун айрым эпизоддору саналган. Аталган макалада Манастын  күйөөлөп келип, тажик каны  Атемирдин  кызы Санирабигага (Каныкейге) үйлөнүүсү жана  анын 40 чоросунун Каныкейди жандап жүр- гөн 40 кызга карата  болгон никелешүү процесси жөнүндө сөз болот. Макалада автор нике процессинин улуттук езгечелугу менен айырмаланган компоненттеринин маани- син ачып керсетет. «Үй-бүлө», «үй-бүлө» түшүнүктөрүнүн маанилери, алардын байыркы кыргыз коомундагы орду ачылат. Эпостун материалында кыргыздын байыркы оюндары жана оюн-зооктору, жаштардын Манас менен Каныкейдин үйлөнүү тоюна катышуусу ачыкталган

каада – салт, үрп-адат, үйлөнүү, калың, нике, куда, чоролор, жамбы, жуучу, теги
63-67
Duishoeva, S. (2023). REFLECTION OF WEDDING CUSTOMS IN THE EPIC "MANAS". Bulletin of the Bishkek State University, 21(4), 63-67. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.66.08

Колдонулган булактар

1. Акунов А. “Манас” эпосу боюнча кыргыздардын үй-бүлө жана нике мамилелери / А. Акунов. - Б.: ”Калем” басма үйү, 2022. -  231-б.
2. Валиханов Ч. Очерки Жунгарии. / В кн. “Манас” героический эпос киргизского на- рода. / Валиханов Ч. - Ф., 1968 . - 40 с.
3. “Манас” Сагымбай энциклопедиясы. - Бишкек “Бийиктик плюс”, 2015. - 144-148-б.
4. Үйлөнүү жана ага байланышкан каада-салттар (үрп-адаттар). -  Б.:“Калем” басма үйү, 2021. - 4-б.