MICROSOFT EXCEL ПРОГРАММАСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЫКМАЛАРЫ
А.Т. Халилов, К.С. Ишенова, А. КамбаровБул макала Microsoft Excel программасын колдонуу менен статистикалык маалымат- тарды иштеп чыгуу ыкмаларын изилдөөгө арналган. Иште "Маалыматтарды талдоо" пакетине жана анын "Регрессия" куралына өзгөчө көңүл бурулган. Эки фактордуу статистикалык көрсөткүчтөрдөн турган маселе каралып, жыйынтыктоочу жана көз каран- дысыз факторлордун ортосундагы байланыш терең талданат. Изилдөө медициналык маалыматтардын мисалында корреляциялык жана регрессиялык анализди колдонууну көрсөтүп, бейтаптардын жүрөк кагышынын жыштыгы менен дем алуу ылдамдыгынын ортосундагы байланышты изилдейт. Жыйынтыктар Excel куралдарын колдонуу менен статистикалык анализ жүргүзүү калькулятор же программанын өзүнчө операторлору ме- нен эсептөөгө караганда алда канча натыйжалуу экенин көрсөтөт. Сунушталган методи- ка атайын математикалык даярдыгы жок, статистикалык маалыматтар менен иштеген ар кандай тармактагы адистерге пайдалуу болушу мүмкүн
Колдонулган булактар
1. Халилов, А. Т. MS Excelди колдонуу менен экономикалык ЖОЖдордо статисти- каны окутуунун көйгөйлөрү / А. Т. Халилов, К. С. Ишенова // Вестник БГУ. – 2023. – № 2(64). – С. 466-470.
2. Гельман, В. Я. Медицинская информатика : практикум / В. Я. Гельман. – 2-е изд. – Санкт-Петербург : Питер, 2001. – 480 с.
3. Халилов, А. Т. Использование пакета анализа данных Ms Excel для обработки эко- номических статистических данных / А. Т. Халилов, Н. К. Суйналиева // Вестник Биш- кекского гуманитарного университета. – 2008. – № 3(12). – С. 51-53.
4. Кулаичев, А. П. Методы и средства анализа данных в среде Windows. STADIA / А. П. Кулаичев. – 3-е изд., перераб. и доп. – Москва : Информатика и компьютеры, 1999. – 341 с.
5. Тюрин, Ю. Н. Анализ данных на компьютере / Ю. Н. Тюрин, А. А. Макаров. – Мо- сква : ИНФРА-М ; Финансы и статистика, 1995. – 384 с.
6. Боровиков, В. П. STATISTICA. Статистический анализ и обработка данных в сре- де Windows / В. П. Боровиков, И. П. Боровиков. – 2-е изд., стереотип. – Москва : Инфор- мационно-издательский дом «Филинъ», 1998. – 608 с.
7. Карпушкина, С. А. Методологические основы применение Microsoft Excel для ре- шения статистических задач в учебном процессе медицинских задач / С. А. Карпушкина, Е. А. Рябухина // Естественные науки. Математика. – С. 111-118.