БЛОГОСФЕРАНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖАНА АНДАГЫ ТРЕНДДЕР
Н. ТойбаеваМакалада блогосфера глобалдык коммуникациялар жана заманбап коомдун санариптик трансформациясы шартында альтернативдик журналистиканын көп функциялуу каражаты катары комплекстүү изилденет. Блогосферадагы актуалдуу тренддерди талдоонун негизинде контенттин өнүгүү өзгөчөлүктөрү, видеоблогдорду, кыска мультимедиалык форматтарды, нейротармактык инструменттерди активдүү колдонуу, социалдык медиа алгоритмдеринин таасири жана автордук чыгармачылыктын трансформациясы каралат. Блогосфера текст, фото, видео, инфографика, комментарийлер жана түз диалог аркылуу авторлор менен аудиториянын татаал интеграцияланган өз ара аракеттенүү системасы катары иштей турганы аныкталган. Инфлюэнс-маркетинг, санариптик репутация, сторителлинг, интерактивдүү контент жана монетизация механизмдери жеке долбоорлорду, бренддерди жана блогерлердин кесиптик ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө олуттуу таасир этери белгиленет. Кыргызстандагы блогосферанын өнүгүү тарыхы, алгачкы онлайн-платформалардын пайда болушу, социалдык тармактардын өсүшү жана жергиликтүү блогерлердин калыптанышы талданат.
Колдонулган булактар
- Баранова, Е. А. Конвергентная журналистика. Теория и практика : учебное пособие для бакалавриата и магистратуры / Е. А. Баранова. – Москва : Издательство Юрайт, 2019. – 269 с. – (Бакалавр и магистр. Академический курс). – ISBN 978-5-9916-3737-4. – EDN VTXECP.
- Интегральные решения в блогосфере. – URL: https://integralsolutions.pl (дата обращения: 01.11.2025). – Текст : электронный.
- Скочило, Е. Колумнистика – особенность кыргызского блогинга / Елена Скочило. – Текст : электронный // Media.kg. – 2013. – 7 февр. – URL: https://media.kg (дата обращения: 02.11.2025).
- Березин, В. М. Фотожурналистика : учебник для академического бакалавриата / В. М. Березин. – Москва : Издательство Юрайт, 2018. – 226 с. – (Бакалавр. Академический курс). – ISBN 978-5-534-00353-6.
- Быков, А. Ю. История зарубежной журналистики : учебник для бакалавров / А. Ю. Быков, Е. С. Георгиева, С. А. Михайлов ; под общей редакцией С. А. Михайлова. – Москва : Издательство Юрайт, 2019. – 366 с. – (Бакалавр. Академический курс). – ISBN 978-5-9916-3270-6. – EDN VTXUBP.