ЗАМАНБАП КИТЕПКАНАЛАРДЫ ЖАРНАМАЛОО АЛАРДЫН ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ЖАНА КЫЗМАТТАРЫН ЖАЙЫЛТУУДА МАРКЕТИНГДИК КОММУНИКАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ ИНСТРУМЕНТИ КАТАРЫ
М. ТеишоваМаркетингдик коммуникациялар заманбап китепканалардын ишмердүүлүгүнүн маанилүү компоненти болуп саналат. Макала жарнаманын китепканалык продукцияларды жана ар түрдүү колдонуучу категориялары үчүн кызматтарды жайылтууда негизги маркетингдик коммуникация инструменти катары ролун изилдөөгө арналган. Китепканалардын салттуу басма жарнаманы жана заманбап санариптик жарнама формаларын ар түрдүү коммуникациялык платформаларда колдонуу боюнча ата мекендик жана чет элдик тажрыйбасы талданат. Изилдөөнүн жыйынтыгында натыйжалуу рекламалык ишмердүүлүк китепканаларга кызматтарды жайылтууга, жаңы колдонуучуларды тартууга, оң имидж түзүүгө жана маалыматтык кызматтар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыздоого жардам берери аныкталды. Интернет жарнамасын, веб-сайттарды жана социалдык тармактарды активдүү пайдалануу китепканаларга өзгөрүп жаткан маалыматтык чөйрөгө ийгиликтүү адаптацияланууга жана максаттуу аудиториянын туруктуу кызыгуусун сактоого мүмкүндүк берет.
Колдонулган булактар
- Панкрухин А. П. Маркетинг : учебник для студентов, обучающихся по специальности 061500 «Маркетинг» / А. П. Панкрухин ; Гильдия маркетологов. – 4-е изд., стер. – Москва : Омега-Л, 2006. – 656 с. – Текст : непосредственный.
- Продвижение библиотечных ресурсов и услуг посредством социальной рекламы : методические рекомендации / ГБУК «Крымская республиканская библиотека для молодежи» ; составитель Е. М. Ткаченко. – Симферополь : [б. и.], 2016. – 40 с. – Текст : непосредственный.
- Петреева, С. В. Рекламная деятельность как средство формирования общественного имиджа библиотеки / С. В. Петреева. – С. 107–113. – URL: http://edoc.bseu.by:8080/bitstream/edoc/94757/1/Petreeva_107_113.pdf (дата обращения: 21.10.2025). – Текст : электронный.
- Продвижение библиотек в социальных сетях. – URL: https://lala.lanbook.com/rubrika-tekhnologii/tpost/kylc1j7g01-prodvizhenie-bibliotek-v-sotssetyah (дата обращения: 20.10.2025). – Текст : электронный.
- Библиотечная реклама как средство формирования имиджа библиотеки : обобщение опыта работы Лиозненской центральной районной библиотеки / ГУК «Лиозненская ЦБС», Отдел библиотечного маркетинга ; составитель А. А. Купреева. – Лиозно : [б. и.], 2021. – 20 с. – Текст : непосредственный.