ТЕРЕҢ УРМАТТУУ ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВИЧ!
Тилектеш Ишемкулов агайдын 85 жылдык мааракеси — бул кыргыз коомчулугу, журналистикасы жана педагогикасы үчүн зор окуя. Болочок журналисттер үчүн Тилек теш Ишемкулов агайдын өмүрү — өзүнчө университет, өзүнчө өрнөктүү жол. Биз студент кезде Тилектеш агай “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору болчу. Биз ошол кишиге суктанаар элек: “Ушул кишидей журналист болсок, башкы редактор болсок, ушул кишидей эл тааныган инсан болсок” — деп кыялданчубуз. Ал ар дайым жаштардын устаты боюнча кала бермекчи. СССР доорунда журналистиканын эки эле мектеби бар эле: бирөө — Улуттук университеттин журналистика бөлүмү, экинчиси — ошол доордогу эки гезит: “Советтик Кыргызстан” жана “Ленинчил жаш”. Кыргызстандагы акыркы 40 –50 жылдагы журналисттердин көбү ушул эки журналистика мектебинин уясынан учуп чыккандар — Улуттук университеттин журналистика бөлүмү жана Ишемкулов жетектеген “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезити.