Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

ЧАГАТАЙ ТИЛИ ЖАНА АНЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАТЫШЫ (ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БУЛАКТАРДЫН НЕГИЗИНДЕ)

М. Рыспакова

XV кылымдагы чагатай тили классикалык жазма адабий тил катары калыптанып, Орто Азия чөлкөмүндөгү улуттар аралык катнаштын тилине айланган. Чагатай тили өзүнүн ар түрдүү диалектилик формалары менен түрк тектүү этностордун орток тили болуп, XX кы- лымдын башына чейин колдонулуп келген. Орто кылымдарда кыргыз элинин расмий тили кыргыз тили, ал эми чагатай тили жазма адабий тил жана дипломатиялык тил болуп санал- ган. Кыргыз башкаруучулары чагатай тилинде дипломатиялык каттарды жазышкан. Ма- калада жазма адабий чагатай тилинин кыргыз адабий тилинин калыптануу тарыхындагы мааниси жана XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы кыргыз элинин тарыхында Орусия менен болгон дипломатиялык алакаларында чагатай тилинин аткарган ролу каралды. Биздин негизги максатыбыз чагатай тилинде жазылган дипломатиялык каттардын тилиндеги грамматикалык өзгөчөлүктөрдү иликтеп, азыркы кыргыз тили менен болгон жалпылыктарды салыштырып ачып берүү, тилдик базанын негизинде талдоо боюнча чараларды көрүү болуп саналат. Буга чейинки кыргыз илимпоздорунун изилдөөлөрүнө көңүл бурулду. Изилдөө иши салыштырмалуу-тарыхый жана диахрондук методдорго негизделген. Тилдик бирдиктер илимий-агартуу баяндамаларынан, тарыхый-архивдик материалдардан, терминологиялык сөздүктөрдөн жана маалымдамалардан тандалып алынган

чагатай тили, грамматика, каттар, документтер, Орто Азия, кыргыз тили, алфавит
435-443
Ryspakova, M. (2023). THE CHAGATAI LANGUAGE AND ITS RELATION TO THE KYRGYZ LANGUAGE (BASED ON LOCAL SOURCES OF THE END OF THE XIX BEGINNING OF THE XX CENTURIES). Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 435-443. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.67

Колдонулган булактар

1. Карасаев Х.К. Кыргыз орфографиясынын тарыхынан // Тюркологические исследования: Сборник статей, посвященный 80-летию акад.  К.К. Юдахина.  - Фрун- зе, 1970.  -73- б.
2. Юдахин К.К Киргизско-русский словарь // - М., 1940. -6-б.
3. Мусаев С.Ж., Мусаева Т.С. Кыргыз адабий тили: улуттук доорго чейин жана улуттук доор мезгилинде // - Б.: 2020. -508 с.
4. Плоских В.М., Кудайбергенов С.К. Ранние киргизские письменные документы // Известия академии наук Кыргызской ССР. №41968. - Ф., 77-78-79-б.
5. Плоских В.М. Первые киргизско-русские посольские связи (1784-1827 гг.) // - Ф., Илим, 1970. -93 с. 
6. Койчиев А.К. XIX к. Түндүк Кыргызстандын калкынын тышкы саясий мамилелери: (араб жазмасындагы жергиликтүү документ булактардын негизинде) // Канд. дисс. авторефереты. -Б., 1996. -126-б.
7. Каниметов А.К. Кыргыз элинин орус эли менен болгон элчилик байланыштары // Вестник ИГУ. 2008. №20. -15-б.
8. Каратаева С.К. XIX кылымга таандык дипломатиялык каттардын изилдениш тарыхы // Окутуунун Инновациялык Технологиялары. И.Арабаев ат. КМУ.  - Б., 2016. -33-37- б.