Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН МУГАЛИМДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Ж.С. Абдыракунова, Д. Сагындыкова

Макалада мугалимдин башталгыч класстын ата-энелери менен, дегеле үй-бүлө менен биргелешип иш алып баруусу жөнүндө баяндалат. Мугалимдин башталгыч класстын ата-энелери менен биргелешип иштөө ишмердүүлүгү – мектептин жана ар бир мугалимдин ишиндеги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Ата- энелер менен, анын ичинен башталгыч класстын ата-энелери менен, иштөө мугалимдин эң татаал педагогикалык ишмердүүлүгүнүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн зарылчылыгы жана маанилүүлүгү айдан ачык. Баланын жетишкендиктеринин ийгилиги анын өнүгүшүнө ким жана кандай таасир тийгизгенинен көз каранды. Бала убактысынын көбүн мектепте жана үйдө өткөрөт, андыктан мугалимдер менен ата-энелердин биргелешип иштөөсү бири-бирине карама- каршы келбей, бала тарабынан позитивдүү жана активдүү кабыл алынышы маанилүү. Мугалимдер жана ата-энелер союздаш жана пикирлеш адамдар болуп калышса, алар билим берүүнүн маселелерин кызыккан жана макулдашылган түрдө чечишсе, бул сөзсүз түрдө  ишке ашат

мугалим, ата-эне, ишмердүүлүк, окутуу, тарбиялоо, үй-бүлө, мектеп, класс, билим берүү
3-7
Abdyrakunova, Zh.S., & Sagyndykova, D. (2023). ACTIVITIES OF PARENTS AND TEACHER OF PRIMARY SCHOOL. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 3-7. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.01

Колдонулган булактар

1. Крившенко Л.П.  Педагогика: учеб. / [и др.]; под ред. Л.П. Крившенко. – М.: Проспект, 2009. 
2.  Прокопьева М.М. Психология семьи: учеб. пособие для студ. высш. учеб. заведений / М.М. Прокопьева, М.Д. Находкина. – Якутск: Издательский дом СВФУ, 2013. 
3. Акутина С. П. Воспитание — семья и школа // Классный руководитель. —2014. — № 7.
4. Горлова Е. В. Настольная книга классного руководителя начальной школы. — М.: Феникс, 2010.
5. Криволапин Н. С., Заводова Т. Е., Минич О. А. В помощь классному руководителю. — М.: Метафора, 2007.