СТУДЕНТТЕРДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК АТКИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУДАГЫ ТОП МЕНЕН ИШТӨӨ ЫКМАСЫ
Б. ҮкүеваМезгил талабына ылайык, бүгүнкү заманбап студент ааламдык денгээлде ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, коомдук таанып-билүүсү жетик, социалдык- психологиялык позициясы жаратман, креативдүү ой жүгүртө билген жигердүү позициядагы инсан болушу керек. Бирок бүгүнкү күндө дүйнөлүк билим берүүдөгү модернизациялоонун жүрүшүндөгү көптөгөн карама-каршылыктан улам, өзгөчө студенттердин чыгармачылык активдүүлүгү төмөндөп, жалпы эле окуу процессинде солгундук күч алгандыгын эч ким тана албайт. Бул көйгөйдү канткенде биз четтете алабыз, ал четтетүүнүн негизги себептерин кантип, кайдан издейбиз? Канткенде ага кандай зарыл чараларды колдонобуз? Биз колдонгон чаралар натыйжа береби? деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүү менен бардык проблема студенттердин ички психологиясында чыгармачылык активдүүлүк поззициясын калыптандырууга барып такалаарын жана бул проблеманы өнүктүрүү үчүн ар бир окуу процесси сынчыл ойлоонун стратегияларын пайдаланып өтүлүүгө тийиштиги, сабактардын моделдери аркылуу мисал катары бул макалада көрсөтүлгөн
Колдонулган булактар
1. Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. [Текст]. – Б.: 2001. 5 - б.
2. Арапова О. А. Вербицкий А.А. Формы и методы активизации творческой деятельности студентов в процесс обучения. [Текст]. – Петрозаводск: – 1988. – С 30.
3. Артыкбаев К.А. Акыйкат сабагы
4. Богявленская Д.Б. Психология творческих способностей. [Текст]. – М.: – С.65. 2002.
5. Низовская И.А. « Сынчыл ойломду өстүрө турган окуу жана жазуу» программасынын сөздүгү. [Текст] – Бишкек: ОФЦИР, 2003.
6. Низовская И.А., Задорожная Н. Матохина Т. Учимся мыслить критически. [Текст]– Б.: МахritҮ, 2011. – С. 8.