КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДАГЫ ЭПИСТОЛЯРДЫК ФОРМАНЫН БАШАТ-БУТАКТАРЫ
А. АжыбаевБул илимий макалада кыргыз адабиятындагы эпистолярдык форма, анын жаралуу тарыхы, генезиси, башат-булактары тууралуу маалыматтар келтирилет. Себеби, ушул кезге чейин дүйнөлүк жана орус адабиятынын алкагында кеңири изилденип, бул багытта жарык көргөн адабий-көркөм туундулар окурмандардын купулуна толуп келгени менен кыргыз адабиятынын алкагында аталган форманын табиятына маани берилбей, атайын иликтөөлөр колго алынбай келген. Макалада эпистолярдык форманын башаты – элдик оозеки чыгармачылыкка барып такалары конкреттүү мисалдардын негизинде ачылып берилет. Анткени, “Манас” эпосу баштаган оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө эпистолярдык формага таандык “Жарлык” каттары, “Буйрук” каттары өңдүү жанрдык түрлөрү кездешет. Бул жагдай, аталган форманын кыргыз адабиятындагы башатынын бир тарабын түзсө, Орток-түрк таш жазма эстеликтеринде, эпитафияларда кездешкен “Мурас” каттарынын, “Эскерүү” каттарынын орун алышы – эпистолярдык форманын кыргыз адабиятындагы жазма үлгүсүнө мисал болуп, анын пайда болушунун экинчи тарабын туюндурат. Ал эми аталган жанрдын жазгыч акындардын чыгармачылыгында кеңири пайдаланылышы – эпистолярдык форманын башат-булактарынын үчүнчү тарабына түзөт деп айтууга негиз берет
Колдонулган булактар
1. Акматалиев А. Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. –Б., 2001.
2. Байгазиев С. Орхон-Енисей жазууларынын осуяты/ «Кутбилим», 22.01.2016.
3. Жусупакматов Л. Саймалы-Таш сүрөт жазма сырлары. –Б., “Илими”, 1999. 5-бет.
4. Истрин В. А. Происхождение первоначального письма и его особенности / Развитие письма, – М.,-1999, 5-бет.
5. Казыбек. / Түзгөн: Мусаев С. – Б., 2007. 37-бет.
6. Кондратов А. Что такое пиктография? / Книга о букве., Изд-во./Советская Россия, –М.,-1975.
7. Куттуу билим: Дастан / Байыркы түрк тилинен котор. Т. Козубеков; Сүрөтчүсү А. Акматов. –М., 1993.8-бет.
8. Манас IV китеп, “Кыргызстан” басмасы, – Б., 1982. 36-бет.
9. Бакирова Г. С. Кыргыз адабиятындагы эпистолярдык форма жана анын табияты. – БМУ Жарчысы. №1 (47) – Б., 2019. 59-61-бб.